Домой Саясат Жол маселесине жооп бербей эле кетип калыштыбы?

Жол маселесине жооп бербей эле кетип калыштыбы?

120

Аргынбек Малабаев

Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу коррпциялык схемага, тендер маселесиндеги мыйзам бузууларга азырынча эч ким жооп бербей турат. Сариев “аягына чыгам, акырына чейин күрөшөм” дегени менен кызматтан кеткенден кийин, кантип күрөшөт? Анчалык кыйын экен, кызматта турганда жетиштүү чара көрүп, далилдерди келтирсе болмок. Тилекке каршы, андай болбой калды. Белгилүү болгондой, бул жолго бюджеттен 6,8 млрд. сом бөлүнгөн. Депутаттык комиссия долбоор 1,2 млрд. сомго кымбат бааланып калганын жар салган. Айтор, бул коррупциялык маселеде эки тараптын тең күнөөсү бар, бир тараптуу күнөөлөөгө болбойт. Мурунку министр Аргынбек Малабаев, анын орун басары Улан Уезбаев кызматтан кетишти, бирок жоопкерчиликтен кутулуп, жыргап жатышат. Учурда Малабаевдин Темир жолду жетектеген кездеги коррупциялары да былгып чыгып жатканы менен ага деле көңүл бурган киши жок. Башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев, анын орун басары, АКСтин “атаманы” Улан Исраиловдор бул кылмыштуу ишке укуктук чара көрүшү зарыл. Антпесе, бул бийликтин аброюна чоң шек кетет.