Домой Аналитика Жок, Россия менен болгон мамиле суубайт. Кадам ушул…

Жок, Россия менен болгон мамиле суубайт. Кадам ушул…

134

Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин

Бир ай, эки ай чамасындагы убакытта Кыргызстан менен Россиянын мамилеси начарлап кетти деген уламыш ары бир дүргүп, бери бир дүргүп турбадыбы. Анан Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путиндин Москвада жылуу жумшак мамиледе кезигиши, алдыда боло турган алакаларды шашпай кеңеше чечмелеши «ара төрөлгөн  кепти»  «жайына» берди окшойт.

«Биздин эң ишенимдүү кызматташчу мамлекет — Россия. Андыктан Сиздер менен мамилебизди уламдан-улам жакшыртып турууга аракет кылабыз»- деген Атамбаевдин сөзүнө Путин: «Россия да Сиздерди өтө ишенимдүү кызматташ, жакшы мамилелеш өлкө катары билет. Кыргызстандын Россия менен болгон соода-сатыгы жалпы соода-сатыгынын 27% ын түзөт, менимче, экинчи орунда Кытай болсо керек, 12%дан бир аз ашыгыраак. Кыргызстан Евразиялык биримдикке кириши биздин мамлекет менен болгон алакасын дагы да кеңейтет. Азырынча болсо, кээ бир  максаттар аткарылбай жатат, бирок, алар бара-бара жакшы жолго түшөт» — деп билдирди. Ырасында биздин Россия менен болгон мамилебизге жарака кеткен жок, тек гана Нарын каскадындагы электростанцияларды куруудагы пикир келишпөөчүлүк болуп кетти. Ал окуя эки мамлекеттин бири-биринен кол үзүп кетүүсүнө себеп болуп берүүгө күчсүздүк кылат. Көбүбүз билебиз: Кыргызстандын Россиядан башка өтө ишенген кызматташы жок. Мейли, Кытайды, мейли, Түркияны алалы, алар орустарчалык бизге күйүп бербейт. Алардын өз арбайын соккон кадамдары орустардыкынан алда-канча ашып түшөт. Аны кантип танмакпыз?! Ал эми тамырыбыз бир деп жүргөн казактар менен өзбектерге дил бере ишенип туруу анчалык жарамдуу эместей көрүнүп жатат. Ага мисалдар толуп жатат. Аз күн мурун эле Өзбекстан чек араларын жаап салып, ал жерлерге бронетранспортерлорун коюп койгон көпкөнчүлүгү эмнени билдирет?!

Азыр Россия, чынын айтканда, чоң кризисте. Бирок, турмушу токтоп калган жок. Алардын кен байлыктары кандай кризис болсо да мамлекетин талаада калтырбай тургандай абалда, кендери аябагандай көп дегеним. Башка кен байлыктарын кой, мунайзаты менен газы эле 150 миллиондой элин багып алат. Ал эми көмүр, алтын, алмаз кендерин жана  токой ресурстарын алсаң, казып бүткүс, алып бүткүс!  Эсепсиз электрстанцияларды курууга жарап берчү дайраларын айт! Каалашынча балык кармачу көлдөрүн, деңиздерин айт! Дыйканчылыкты толуктоого кошулчу жерлердин аянты миллиондогон гектар болуп созулуп жатат…

Быйыл «Үркүндүн» 100 жылдыгын белгилегени турабыз. Мына ошол дата биздин саясатчыларга «реваншизм», болбосо, «улутчулдук»  сыяктуу терс маанайды  пайда кылбашы керек. Тарыхтын түз жолунан чыкпай эскерип турганыбыз эптир. Азыр «Үркүндү» чоң революцияга чейин көтөрүп таштагандар бар. Антүүгө да болбойт жана да калың кыргыз аскер бербейбиз деп, казак-орустардын  зордугуна чыдабай Кытайга кире качкан жөнөкөй окуя катары да кароого болбойт. Аша кетпей, чындыгына жеткире  албай, “тузу кем” кылып салбай, аталган маанилүү датаны өткөрүп алалы деген дурус тилегибиз болуш керек…

Ооба, СССР ыдырагандан кийин Россия биртоп жаңылып койду. Анын негизги себеби: мурун СССР курамындагы республикаларга «ага» болуп кээсин баштан сылап, кээсин түз эле төбөгө коюп башкарып келген орусуң, ошол жасалма биримдик тарагандан кийин гегемондук саясатын кимдерге карата жүргүзөөрүн билбей биртопко дендароо болуп туруп, анан алымсыз иштерди жасап жиберип, дүйнө коомчулугун «таарынтып» албадыбы. Мисалы, Молдовадан бөлүнгөн Преднестровьени колдогону, Украинаны бөлүп-жарган сепаратисттерди коргогону, аларга кадимкидей эле жардам бергени, Украинанын курамынан Крымды зордук менен эле чыгарып алганы, кийин Сирияга самолетторун учуруп барып, кимиси террорист, кимиси жөн адамдар экенин ажырымсыз бомбалап кайтканы ж.б. Бул айткандарды орустар канчалык жымсалдаганы менен чындык деген «капка шибеге каткандай» кеп болуп жашап турат…

Россия эмне кылат, ал өзүнүн иши. Биздин иш Россия менен ынтымакта, тилештектикте жашоо, алардын моралдык, материалдык жардамына таянуу. Муну уялбай эле, дайны жок намыстанбай эле айталы.

Баратбай Аракеев