Домой Саясат Жогорку соттун судьялыгына Дамирбек Назаров бекитилди

Жогорку соттун судьялыгына Дамирбек Назаров бекитилди

15

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов парламенттин 20-январындагы отурумунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаровдун талапкерлигин Жогорку соттун судьялыгына көрсөттү.

Анын талапкерлигин президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы  Талант Мамытов сунуштаган.

Парламентте жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Дамирбек Назаровдун талапкерлигин 92 депутат колдоп, бирөө каршы болгон.

Дамирбек Назаров  ант берип, депутаттарга  колдоп бергени үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеш президенттин сунушу менен Жогорку соттун судьясын кызматтан бошотууга укуктуу. Ал эми президент болсо жергиликтүү сотторду гана кызматынан бошото алат.