Домой Саясат Жогорку соттун кармалган судьясынын кымбат баалуу мүлктөрү. (сүрөттөр)

Жогорку соттун кармалган судьясынын кымбат баалуу мүлктөрү. (сүрөттөр)

215
УКМК Жогорку соттун судьясы мыйзамсыз баюуга шек саналып колго түшкөнүн маалымдады. Айрым маалымат каражаттары ал Камил Осмоналиев экенин жазып чыгышты. Азырынча УКМК шектүүнүн аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок. .

Шектүү Коррупцияга каршы кызмат топтогон фактылардын негизинде колго түшүп, Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Маалыматта: «Ал киреше булактары жок болсо да, көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү, элиталык имараттарды, Ысык-Көлдүн жээгинен престиждүү пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган.

Мыйзамсыз тапкан мүлктөрүн башка кишилерге каттаткан, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган фактылар аныкталган.

Ал коммерциялык ишканалардын бирине, биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражаттарын бергени тууралуу маалымат бар.

Мындан сырткары, өзүнүн чечими менен Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн Декретин жокко чыгарып, Мамлекеттик казынага көп миллиондогон сом чыгым келтирген.

Жогорудагы чечими үчүн улутташтырууга жаткан мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алган. » — деп айтылат

Ал 14-декабрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-декабрда анын бөгөт чарасын карап, тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.