Домой Саясат Жогорку соттун алдында Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги өтүүдө

Жогорку соттун алдында Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги өтүүдө

44

Жогорку соттун алында ушу тапта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. Алар Атамбаевге карата соттук териштирүүлөрдү ачык жана калыс өткөрүүнү талап кылып жатышат.  Чогулгандардын арасынан Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеваны, КСДП фракциясынын айрым депутаттарын көрүүгө болот.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Жогорку сотто бүгүнкүгө, 16-ноябрга белгиленген соттук отурум болбой калды. Буга ишти карай турган судья ооруп калганы себеп экенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Атамбаевдин тарапкерлеринин айтымында, кийинки сот отуруму 30-ноябрга белгиленди.