Домой Коом Жогорку сот: Саймаитиге жасалма паспорт берген кызматкер акталган жок

Жогорку сот: Саймаитиге жасалма паспорт берген кызматкер акталган жок

106

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жасап берди деп шек саналган кызматкер акталган жок. Бул тууралуу 28-апрелде Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме тараткан кабарда «Кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти териштирүүнү токтотуу реабилитациялоочу жагдай болуп эсептелбейт. Ошондуктан «Жогорку сот А.А.К. аттуу жаранды актады» деген маалымат чындыкка дал келбейт» деп айтылат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) эл аралык издөөдө жүргөн Саймаити Кыргызстандан Самятов Эркин Салимович деп жазылган паспортторду колдонуп жүргөнүн аныктаган. Ал 2017-жылы мыйзамсыз алган жалпы жарандык паспортту колдонуп Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирген.

2019-жылы июлда ИИМ «Паспортту мыйзамсыз берүү» фактысы боюнча иликтөө иштерин баштап, Сузак райондук Калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине (А.А.К.) айып койгон.

Ошол эле жылдын 22-ноябрында ишти Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту карап, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскарткан. 31-декабрда Жалал-Абад облустук соту райондук соттун бул токтомун күчүндө калтырган.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы эки инстанциянын чечимин жокко чыгарууну өтүнүп Жогорку сотко апелляциялык арыз берген.

Жогорку сот 2020-жылдын 16-марттагы чечими менен буга чейинки соттук инстанциялардын чечимдерин күчүндө калтырган.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 2020-жылы 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөнү кабарланган.

Булак: Азаттык