Домой Коом Жогорку Сот: Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку Сот: Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды

47

Жогорку Сот экс-депутат Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-февралындагы токтому менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөнү жазылат маалыматта.

Эске салсак, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.