Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков ушул жылы боло турган парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясы менен барарын Би-Би-Сирадиосунун кыргыз кызматына берген интервьюсунда билдирди.
“Мен 2015-жылы “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланып, Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурам, менин партиям бүгүнкү күндө “Кыргызстан”. Келечекте Кудайым буюруп насип кылса “Кыргызстан” партиясы менен барам деп айткым келет”, – деген жообун узаткан.
Эске салсак, “Кыргызстан” саясий партиясы эң биринчилерден болуп 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосуна катышаарын жар салышкан.
Булак: reporter.kg