Домой Саясат Жогорку Кеңештин депутаттары мушташып кетишти

Жогорку Кеңештин депутаттары мушташып кетишти

342

Бүгүн, 14-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында депутаттар Канат Керезбеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Алтынбек Сулаймановдор мушташып кетишкен.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, шайлоонун босоголук пайызын жети пайыздан үч пайызга чейин төмөндөтүүнү жана шайлоо күрөөсүн 5 миллиондон бир миллион сомго чейин төмөндөтүүнү сунуштаган.

Сулайманов биринчи окууга коюуну суранган. Бирок, ал өзүнө кворум жок экендигин айтышкан Канат Керезбеков жана Нурбек Сыдыгалиев менен уруша кеткен. Андан соң, чырдашкан депутаттар өзүнчө бөлмөдө сүйлөшүүнү улантышкан. Аларды ажыраткан Талант Мамытов абал боюнча эч кандай комментарий берген эмес.

булак: bars.media