Азыркы мамлекет башчыларына жыргал эле го бир… Анткени, элдин баары билимдүү, мамлекет пайда болуп, калыптануу жолун небак басып өткөн, Конституциясына негизделгеп, жамандыр-жакшыдыр мыйзамдардын баары бар, ж.б. Анан эмне эле кээ бир мамлекеттердин баш-чылары ошол мамлекетин башкара албай «көл-шал» болуп жатат?! Маселен, Кыргызстанды алалы… аянты 199 миң чарчы километр, калкы миллиондон бир аз ашык-кенедей мамлекеттердин тизмесинде. Калкынын баары билим алган, кат тааныбаган адамды табуу кыйын. Мына ошондой билимдүү элди «ары тур, бери тур» деп башкарыш оңой эле да… А биздин президенттер-Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдер мамлекетибизди жакшы деген деңгээлге жеткире алган жок, өздөрүнун байлыгын «жакшы» деңгээлге жеткирип алышты. Азыркы президент деле мурункулардын изименен кылдырайт…
Совет бийлиги жаңы орногон кездеги абалды эске түшүрөлү да: революцияны уюштурган-га каршы бүтундөй бир эбегейсиз топ чыккан: мурунку бай-манаптар, ак гвардиячылар, меньше-виктер, кулактар, басмачылар, падышалык бийликте жетиштүү жашагандар… Калыптанган башкаруу системасы талкаланып, баары жаңыдан уюшулуп жатат, падышачылыкта иштеген завод-фабрикалардын баары кыйраган, өндүрүш да, айыл чарбасы да аты эле бар, элдин көбү эмне кылардын айласын таппай турган кез… Мына ошондой татаал кезде Совет өкмөтү- Ленин, Сталин, Дзержинский, Свердлов, Киров, Зиновьев, Каменев, Фрунзе, Луначарский… сыяктуу чыгаандардын эч нерседен тайманбаган баатырдыгы менен бутуна туруп, анан дүйнөдөгү эң чоң, эң бир кубаттуу өлкөгө айланып, СССР деген атты алып, накта мамлекет катары жашап берди го! Ошол 1917-жылдан кийинки баш ала-ман, кимди ким көрдү болуп, кан күйүп турган кезде Совет мамле-кетин тегерете курчап, Юденич, Колчак, Корнилов, Врангель, Петлюра, Семенев… сыяктуу«ак» генералдарга Англиянын, Фран-циянын, Япониянын аскерлери да кошулуп жаш Совет мамлекетин жок кылып коё жаздашкан! Бир жылдары ошол эптеп бутуна тургузуп алган мамлекетибиз СССРди орусуна кошуп да жектетт турдук: «Орустар тапкан-ташынганыбыздын баарын алып кетип жатат, бизди каалагандай башкарат, баш көтөргендөрдү дароо ордуна коёт, өзүбүзчө жашасак сонун болмок…»- деп башталган кеп, оо далайга уланып, нааразылыгыбыз ашыпташып кетчү эле… Азыркы мамлекетибизде Совет өлкөсүнүн ошол кездеги та-таал маселелердин бири да жок, «жамбаштап жат да башкара бер!». Орустардын «эзгенинен» кутулдук. Эми каалашыңча жакшы жаша! Жок, андай болбой жатат. Ага каскак биздин кыргыздардын мүнөзүнүн кескин түрдө жаман жакка багыт алышы болуп турат! Өзүбүзгө өзүбүздүн жөнсүз жагыбыз душман болуп турат, алар ар тараптан сокку уруп бизди биротоло «чөгөлөтүп» салды! Мен кыргыздын «…чылгыктарын» айттым. «Тууганчылык», «өзүмчүлдүк», «жалкоолук», «ач-көздүк», «көралбастык», «ичи тардык», «мактанчаактык», «кенебестик», «ушакчылык», «ачык ооздук», «коркоктук», «кошоматчылык». «чыккынчылык», «паракорчулук», «мыкаачылык»…
Мына ушулар биздин мамлекеттин жакшы болушуна кедергисин тийгизип жатат. Айла жок, мейли дейли, карапайым элди жогорудагы ыпластыктар басып, кээси менен тоскоолун тийгизип жатсын, а бирок, элдин башында тургандар ошондой «жексурдукка» алдырып турса, анда дегеле жакшылык болушун күтпө деле?! Ушул таптагы жетекчилердин баары жогоруда саналган «ооруларга» аздыр-көптүр кабылган немелер. Демек, алардын аткарган кызматтары да таза эмес. Мамлекетибизде коррупцияны күчөтүп жаткан да ошолор! Ошол коррупцияга аралашкан жетекчилер трибунага чыгып алып, жакшылык алып келчү сөздөрдөн калтырбай айтып, «жаланып» турганын көрүп жандан түңүлөсүң?! Кайсы бети менен жакшы кеп аитат, кайсы бети менен элди тазалыкка чакырат?! Туура, аларда уялганда кызарып берчү бети жок! Ооба, алардын бети сезимдерге реакция жасабаган, жөн гана дененин бир бөлүгү катары кызмат кылган бети бар… Ал бет көчүк сыяктуу, экөө тең бир укуктагы, бир деңгээлде-ги тизмеде, укугу бирдей… Андай беттүү адамдарга: «Ай ушу сенде бет барбы?!» деп айтууга болбойт! … «Парламенттик мамлекет болобуз»- деп чыкканыбызга беш-алты жыл болуп калды окшойт. Сыртынан караганда ошондой дейли, 120 депутатыбыз бар, мыйзамдар чыгып жатат, Өкмөт курамын ошолор шайлайт, кандайдыр бир маанилүү маселе болсо, дароо депутаттык комиссия түзүлө калат… иши кылып «парламенттик республикага» окшоп турабыз.
Бирок, мамлекетти башкаруунун чыныгы рычагы президенттин колунда. Парламент болсо, президентке «кол бала» катары кыз-мат кылат. Бул абалды эч ким талаша албайт! Мына ошол парламентке байлардын баары толуп алган, ал жерде атыккан коррупционерлер, мурун кызматтан куулгандар, криминал менен «жытташкандар»… бардык сорттогу адамдар бар. Ошол жерде мамкызматта иштеп, жарылганча жеп, эми мыйзам чыгарымыш болуп жыргал жашоону каалагандар да биртоп. Ошондой жөнсүздөрдүн эң эле «көрүнүктүүсү» Акылбек Жапаров. Бул неме кезегинде финансы министри, экономика министри болду, вице-премьер-министрликке да жетти. Финансы министри болуп жүргөндө кредиттердин жана башка каражаттардын 10 пайы-зын сурап жүрүп, «10 процент» деген да атка конгон. Байлыгына эсеп жетпейт! Ошол неме Алмазбек Атамбаев президент болуп турган убакта ага кошомат кы-лып, «жакшы» сөздөрүн арнап, керек болсо «жанын» берүүгө даяр экенин билдирип турчу эле! Эми ошол неме Атамбаевдин жегендери деп карта чийип алып теледен көрсөтүп турганы! Жок, ал Атамбаевди жаманда-ганы эмес, азыркы президент Жээнбековго болгон кошомат-чылыгы! Адам баласы, кыргыз баласы да ушунчалык пастыкка барабы?! Ишенип болбойт!
Бирок, Жапаровдун кылыгы адам баласында абийир жок учур да болорун айгинелеп койду. Мына ушул Жапаровдой абийирсиз кошоматчылар да иштейт Жогорку Кеңеште?! … Жогорку Кеңеште Жапаровдой пастар менен эле бирге накта бир жигит да иштейт. Ооба, кандай кыйын кырдаал болсо да жигиттигинен кенедей да тайып койбогон азамат ошол — Рыскел-ди Момбеков. Жараткан берген го, бу жигитте тайманбастык бар, аны менен бирге чындыкты туу тутуу бар. Момбековдогу ушул эки сапат жуурулушуп келип, жосунсуз жоруктарга, тескери иштерге ылаачындай тийген, чанда кездешчү сапатты түзүп салган! Кезегинде аны менен чогуу да иштештим, кийин деле көрүп-билип жүрөм, бу жигитте жеке башын коргоп ойт берип кетмей жок, «кара баскан» ишти көрөрү менен ошол жерге актыкты орнотуу үчүн чабуулга өтөт, кара башын сайып салат! Бирөөлөр-гө жардам берүү үчүн түйшүктү, проблеманы өзүнө чакырып турат. «Менин эмне ишим бар» деп жанын сактап басып кетүү бу жигиттин сезиминде жок! Анан өз башына «балээнин» баарын үйүп туруп, жеңишке жетип берст!.. Анын Жогорку Кеңештеги ишин элдин баары көрүп, ага ыраазы болуп жатпайбы, «Манастын накта урпагы тура» деп сыймык менен айтып жатпайбы! Ооба, ал Атамбаев менен бир болду, бирок, ал Атамбаевди карандай эле коргоодон алыс болду, анын туура эмес аракеттерин колдогон жок! Атамбаевдин туура эмес иштерин таамай эле айтып турбадыбы…
Ырасында, азыр Рыскелдиге оңой эмес, Жээнбековдун кошоматчылары аны кандай да болбосун каралап, бир «нерсени» илип, чөгөлөтүп коюуну көздөп турат, а балким, каматып коюуну ойлоп жаткан-дыр… Ошолор билип койсо болот эле кабыландай деми бар Рыс-келди Момбеков тигилер эмне кылышпасын тизелеп бербейт! Ал өткөн бийликти да, азыркы бийликти да карандай эле колдобойт, ал тазалыкты туу тутат, кай жер таза болсо, Момбеков ошол жерге жан дилинен кызмат кылат! Силер, азыркы бийликтин кошоматчылары, Момбековду «сындырабыз» деген аракетиңерди кылбай койсоңор өзүңөргө элежакшы… Жогорку Кеңеште кыргызына кыраан болуп туулган Рыскелди Момбековдой жигиттерден үч-төртөө болгондо, Жогорку Кеңеш бийликтин бир бутагы катары, накта бутагы катары таанылып жашап турмак! Айла жок эмеспи, Рыскелди Момбековдун болуп калганына да тобо дейли!.. Аны Жараткан да коргойт, аны эли да коргойт!
Баратбай АРАКЕЕВ
Булак: “Ачык саясат”