Домой Коом Жогорку Кеңеш күзгө чейин эс алат

Жогорку Кеңеш күзгө чейин эс алат

205

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин VI сессиясы өз ишин аяктады. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун 30-июндагы кезексиз сессияда билдиргенине караганда бул сессияда парламент 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алды. Өкмөттүн, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын, Эсеп палатасынын жылдык отчеттору угулуп, жарандардын 15372 кайрылуусу каралганын билдирди.

Жогорку Кеңештин акыркы жыйындарында жапырт кабыл алынган мыйзамдардын ичинен «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам «сөз эркиндигине, деомкратиялык жетишкендиктерге каршы» мыйзам катары коомчулуктун кескин сынына кабылды.

Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат.

Парламент сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө ишин баштайт.

Быйыл 4-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болот.