«Бул күндөрү биз Кыргызстандын тарыхындагы кийинки алты жылы кандай болорун аныктап жатабыз. Ар бирибиздин жашообуз мамлекеттин тагдыры менен тыгыз байланышкан», — деп белгиледи Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров КР президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош областынын Ноокат районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.
«Биз Сооронбай Жээнбеков бардык башталган иштерди татыктуу улантып, ийигиликтүү жыйынтыктайт деп ишенебиз. Муну ал премьер-министр кызматында бардык жагынан эң мыкты жыйыныктар жана көрсөткүчтөр менен чыкканда далилдеди. Биз Сооронбай Шарипович элди бөлбөгөн, саясий кызыкчылыктарга карабаган адилеттүү президент болот деп ишенебиз. Ушул себептен ага добуш беребиз жана бардыгыңарды бир добуштан аны шайлооңуздарды суранабыз», — деп Төрөбай Зулпукаров ноокаттыктарга кайрылды.
Сооронбай Жээнбековдун Ноокат районунун жашоочулары менен жолугушуусуна 20 миңден ашуун адам катышты.
Даярдоочу: «Айбат Аймак»КФ Токтогул кочосу 196
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 27.09.2017 ж.