Домой Саясат Экс-депутат экинчи жолу 1,5 кг. наркотикалык зат менен кармалды

Экс-депутат экинчи жолу 1,5 кг. наркотикалык зат менен кармалды

368
Бул тууралуу маалымат социалдык баракчаларга жазылды. Жогорку Кеӊештин мурунку депутаты Бекбоев Бактыбек Сагыналиевичти 18-январда Ленин райондук милициясы үйүнөн героин менен кармашкан. Ал мындай кылмышка экинчи ирет шектелип жатат.

Эске сала кетсек, Бекбоев 2010-жылдын 15-январында Керимбеков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн 1 кг. 450 грамм героин менен кармалып, болгону 5 жылга соттолгон. Негизи ал 247- берене менен 12-20 жылга чейин соттолмок. Бирок судьялар менен жеӊ ичинен ушундай жеӊил жаза алууга жетишкен. Ал мурунку парламентке Коммунисттер партиясынан депутат болгон…

Азырынча Бекбоевдин баш коргоо чарасы каралып жатканы айтылууда. Ал бул ирет да эски ыкмасы менен эркиндикке чыгып кетиши толук ыктымал. Эмнеге дегенде бизде жеӊ ичинен сүйлөшмөй, ооз майламай абдан жогорку деӊгээле өнүккөнү баарыбызга маалым.