Өткөн аптада Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Кыргызстандын алдыңкы үч ЖМКсына жана “Азаттыктын” журналистине берген доо арызы боюнча алгачкы сот отуруму болуп өттү. Матраимовдордун жактоочулары ишти маңызы боюнча кароого чейин эле аталган маалымат каражаттарына өзүлөрү жалган деп эсептеген алар туурасындагы маалыматтарды таратууга тыюу салууну талап кылышты.
Сот мындан баш тартты, муну менен кыязы, бул үй-бүлөгө боор тартты. Анткени судья эгерде Матраимовдор туурасындагы иликтөөлөрдү аталган ЖМКнын сайттарынан алып салууга токтом чыгарган күндө деле бул тескери натыйжага алып келмек: макалаларды Кыргызстандын тен жарымын түзгөн социалдык тармактар өзүлөрүнө камдап алууга үлгүрүшмөк.
Кыргызстандын сотторунда негизи таанымал адамдардын ЖМКга карата доо арыздары биринчи жолу каралып жаткан жери жок. Бирок мындай чуулганы катуу сот буга чейин болбосо керек. Чыгарылган чечим эл аралык да резонанс жаратат, анткени маалым болгондой, “Азаттык” АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат. Ошондуктан судьядан олуттуу, юридикалык иш алып баруу талап кылынат.
Судья Матраимовдор таарынган басылмалардын эсептерине камак салуу менен алгачкы катачылыкка жол берди. Болуп көрбөгөндөй жаңжал чыгып, президенттин атынан анын басма соз катчысы актанууга мажбур болду. Матраимовдор да эсептерди токтоосуз камакка алуу боюнча талаптарын ошол замат кайра чакыртып алышты. Эгерде алар өзүлөрүнүн кадамдарынын саясый кесепеттерин кылдат эсептей билгенде, мындайга эч качан барышмак эмес.
Бирок Матраимовдордо дегеле мындай жөндөмү болгондо алар мындай доо арыз менен таптакыр эле чыгышмак эмес. Ооба, жарандык талашта тескерисинче, жоопкер өзунүн туура экенин далилдеши керек. Бирок, биринчиден, процесстин өзү коомчулуктун көңүлүн бир нече айдан бери сүйрөлүп келаткан Матримовдордун темасына бурмак, экинчиден, жоопкерлердин өтүнүчү боюнча сот далай кызыктуу материалдарды талап кылышы ыктымал, аларды ачыкка чыгаруу Кара-Суудагы үй-бүлөгө албетте өтө жакпай калышы мүмкүн.
Ток этер жерин айтканда, сотко кайрылып Матраимовдор жок жерден өзүлөрүнө өзү көйгөй жаратышты. Башка жагынан алганда, кыязы, «Азаттык» жана «Kloop» аларга өлөөр алдынан Саймаити өткөрүп берген документтердин баарын эле ачыкка чыгарыша элек окшойт. Андыктан бизди алдыда башталып жаткан сот процессинде дагы далай кызыктар күтүп тургандай.