Жогорку Кеңештин депутаттары жана алардын жардамчылары айлык акысын кадимкидей алып жатышат. Азыркы чакырылыштын мөөнөтү 28-октябрда бүткөн жана аны узартып жатышканда бекер иштөө пикирлери айтылган эле.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар октябрь, ноябрь айларынын маянасын толугу менен алышты. Маалыматтарга ылайык, бий айлык оклад 25500 сомдон башталат. Иш тажрыйбасына, чинине жараша кошулат. Буга чейин медиага чыгып келген маалыматтарга ылайык, бир депутат 40 миң сомдун тегерегинде маяна, кагаз-кугаз сыяктуу чыгымдарына дагы 40 миң сом, он үчүнчү айлык жана башка ар кандай кошумча каражаттарды алат.
Ар бир депутаттын бирден консультанты, спикер менен вице-спикер, фракция лидерлериники бирден ашык жардамчылары же кеңешчилери бар. Катардагы консультанттардын оклады 16500 сом экенин жана баары кадимкидей алып жатышканын депутаттын жардамчысы билдирди.
Депутат Абдывахап Нурбаев октябрь айынын айлыгын алып, кайра ЖКнын имаратын оңдоого бергенин билдирди:
«Анткени ремонтко жардам болсун деген сөз болгон эле. Мага октябрдын айлыгы түшкөн экен, кайра бухгалтерияга, кассага тапшырдым. Ноябрдыкы түштүбү же түшө элекпи, картамды карай элекмин. Депутаттардын жарымына жакыны ремонтко кайтарып берди окшойт. Өз ыктыярыбыз менен, каалоочулар берди го».
22-октябрда парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жаткан маалда вице-спикер Аида Касымалиева ушул мыйзам өтсө, анда депутаттар айлык албай иштесин деген.
«Эгерде депутаттар иштей турган болсо, айлыксыз иштейт. Ошону дагы талкуулаш керек. Азыр эмнеге добуш беребиз түшүнүксүз. Коомчулукка эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүндүрүп коюп, андан кийин добушка коёлу. Кворум жок деп алты саат күтүп отурабыз. Добуш берүүгө келгенде баарыбыз жүз пайыз колубузду көтөрбөй эле коёлу, тагдыр чечүүчү мыйзам долбоору болуп жаткандан кийин. Эгер ушул өтсө, менин сунушум — депутаттар айлыгы жок иштейт», — деген Касымалиева.
Аталган мыйзам бир эле күндө өтүп, ЖКнын эски чакырылышынын мөөнөтү 2021-жылы июнга чейин узартылган. Анын легитимдүүлүгү боюнча күмөн саноо күчтүү болгон менен Конституциялык палата мыйзамдуу деп тапты.
Бирок андан кийин Касымалиева ЖКтен алган айлык менен гана жашаарын айткан. Депутат Евгения Строкова дагы башка кирешеси жок экенин билдирген.
Абдывахап Нурбаевдин айтымында, кесиптештеринин арасында башка киреше булагы жоктор бар, негизинен аялдар. Биз андан айлык акысын алуунун моралдык жагы тууралуу сурадык. Депутат ошондуктан айлыкка муктаждар алыш кере, бирок өзүм айлыгы жок иштөөгө даярмын деди:
«Пикир айтылган. Бирок добушка салынып, ким колдойт, ким каршы деген маселе чыккан эмес. Биздин айымдарга айлык берип туруш керек. Бизнеси барлар албетте айлык албай иштесе боло берет».
Жогорку Кеңештин депутаттары туруктуу иштебей бирок, толук айлык алып жатканы саясий окуяларга чейин эле сынга кабылып келди. Алар жайында эпидемиялогиялык абал курчуп жатканда бир каникулга, бир ай эл менен жолугуу айы деп эки айга тарашкан. Саналуу депутаттар айлык акысын кайрымдуулукка которушкан. Сентябрда шайлоолордун алды болуп, үзгүлтүксүз иштешкен жок. Азыркы эл өкүлдөрүнүн басымдуусу кайра шайлоодо ат салышып жүрүшкөнүн Алтынбек Сулайманов жалпы жыйында айткан. Шайлоодон, саясий окуялардан кийин жалпы жыйындарга гана кез-кезде чогулуп жатышты. ЖКнын имаратынын залдары оңдолгондон бери комитетке жана жалпы жыйынга көбүрөөк келип калышканына эки гана апта болгонун депутаттардын бири билдирди. Фракция жыйындары дээрлик өткөн жок деди ал.
булак: bbc.com