Домой Саясат ЖККУнун жыйыны башталды

ЖККУнун жыйыны башталды

43

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) курамындагы мамлекеттердин башчылары бүгүн, 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына келишти.

Уюмдун курамындагы Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри учурда тар чөйрөдө жолугушту. Кеңейтилген форматта жыйын өтүп, кезектеги сессия боюнча журналисттерге маалымат берилет.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан төрагалык кылган 2019-жылы уюмда коопсуздук маселелерине, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылык берилди. Бишкек ушул жыйында уюмга төрагалык милдетин жыйынтыктайт.

Эми ЖККУга 2020-жылы төрагалык кылуу Орусияга өткөрүп берилет.

Бишкектеги саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

Булак: Азаттык