Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети президенттин «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырды.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Гүлкан Молдобекова жергиликтүү басылмаларга билдиргендей, президенттик администрациядан аталган мыйзам долбоорун кароону күн тартибинен алып салуу өтүнүчү келип түшкөн. Депутаттар буга макул болуп колдошкон.
Эскерте кетсек, 26-июнда депутаттар резонанс жараткан документти жактырышкан. Жогорку Кеңештин 79 депутаты макул деп добуш берген. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбоорго карата каршы пикирге кол койгон.
Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөбүздүн негизги мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.
Ошондой эле бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталган.