Домой Саясат Жибек-Жолундагы аткезчилик

Жибек-Жолундагы аткезчилик

11

Британияда чыккан “The Economist” журналы 700 миллион доллардын Кыргызстандан чыгарылышы тууралуу журналисттик иликтөөгө кайрылды. Журналисттик иликтөөнү “Азаттык”, Kloop, Жемкорлукту жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) биргелешип жасаган.

“Окуянын курмандыгы – Кытайдын жараны. Ал Стамбулда киши колдуу болду. Бирок ал бетин ачууга көмөктөшкөн, көмүскө акча ташыган чырдын чордону Борбор Азиянын эң жакыр өлкөсү Кыргызстан болду. 2011-2016-жылдары кытайлык Айеркен Саймаити 700 миллион доллардай акча Кыргызстандан сыртка жашыруун чыкканын журналисттерге айтып, документтерди берген. 700 миллион доллар нак акча өлкөдөн чыгарылганын биргелешкен журналисттик иликтөө аныктады. Карапайым кыргыз жарандары мынчалык көп суммадагы акча “коррупциянын таш талканын чыгарабыз” деп убада берген эки президенттин учурунда кантип колдон чыкканын түшүнө албай жатат.

Кыргызстанды дүрбөлөңгө салган иликтөөнүн артынан Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду текшерүү иштери башталды. Мамлекеттик органдар өлкөдө “салык төлөөчүлөрдүн акчасын уурдаган факты жок, аткезчилик болбойт” деген билдирүү жасашты. Саясатчылар бирин бири күнөөлөштү, нааразы эл көчөгө чыкты. Бул иликтөөдөгү чындык кандай болбосун, мурдагы жана азыркы президенттердин тиреши, көчөгө толкуп чыккан эл Кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жакшы жышаан эмес”, – деп жазды басылма.

Билимден өксүгөндөр

Жорж Вашингтон университетинин илимий кызматекери Айчүрөк Курманбекова “The Diplomat” журналына Кыргызстандагы медреселерде диний билим алып, жумушсуз, жалпы билимден куру калып жаткан кыз-келиндердин көйгөйүн талдаган макала жарыялады.

“Жылына болжол менен 10 миңдей адам медресени бүтүрөт. Алардын төрттөн бир бөлүгү кыздар жана окууну бүткөндөн кийин өзү теңдүүлөр сыяктуу кесиптик же жогорку билим ала албай калган учурлар көп.

Кыргызстанда 30 жылдан бери диний билимге кызыгуу күчөдү. Мечит, шарият багытында сабак өткөн окуу жайлар менен медреселер жыл сайын ондоп ачылууда. 2019-жылы каттоого алынган 110 медресенин 25и кыздарга багытталган. Бул 2013-жылга салыштырмалуу эки эсе көп дегенди билдирет. Бирок Кыргызстандагы диний билим берүү салттуу окуу программасынан алыстап, медресени бүткөн жаштардын кесиптик келечеги бүдөмүк болууда.

Жогорку класстардан медресеге кыздарын жиберген ата-энелер алардын андан кийинки билим алуусуна, кесипке ээ болуусуна маани бербегендей. Маселен, мен мурда мектепте тарыхты окутчумун. Малика деген окуучум жогорку класстан медресеге которулуп, окуу жайды аяктагандан кийин өзү теңдүү кыздардай жогорку же кесиптик билим берүүчү жайларга тапшыра албай калганына күбө болдум. Малика абдан тырышчак кыз болгону менен медреселерде салттуу окуу программасынын жоктугу анын келечегин бүдөмүк кылып койгон. Маликадай кыздар үчүн медресени бүткөндөн кийин диний билим берүү жаатында да иштегенге мүмкүнчүлүк аз. Ушундан улам мамлекет диний билим берүүчү жайлардын окуу программаларын карап чыгышы керек. Кыргызстандын аялдары абдан күчтүү, алардын диний билим алууга болгон умтулуусуна тоскоол кылбай, кесиптик келечегине да шарттарды түзүш керек”, – деген оюн жазды.

Көп акча – каталардын булагы

“Financial Times” гезити Кытайдын белгилүү миллиардери, “Алибаба” түйүнүнүн негиздөөчүсү Жэк Ма менен Жапониядагы “SoftBank” компаниясынын ээси Масайоши Сондун маегин чыгарды. Анда эки бай “акчанын көптүгү өтө арбын ката кетирүүгө жол ачарын” моюнга алышкан.

Жапониядагы Токио университетинде студенттер менен жолугушууда Масайоши Сон Жэк Мага: “Сенин чөнтөгүң бош болсо эч качан чалынбайсың, жаңылбайсың. Бирок капчыгың толуп, акчаң көп болсо ошончолук көп ката кетире бересиң”, – деген насаатын айтты.

Сон өзүнө таандык 100 миллиард доллардык фондунан жаңы бизнес баштагандарды колдоо үчүн ири суммада акча берерин кошумчалады.

Азиянын эки миллиардеринин мамилеси жакшы, бардык бизнес долбоорлордо бирин бири колдошот. 62 жаштагы миллиардер Масайоши Сон Жапониядагы билим берүүгө, илимге, инновациялык тармакка да өзгөчө көңүл буруп, 10 жылдан бери 184 миллион долларды Токио университетинде жасалма интеллектти ойлоп табууга жумшады.

Орусиянын учак, алтын, курал саясаты

Лондондо жашаган саясат талдоочу Максимиллиан Хесс Орусия коңшу өлкөлөргө үстөмдүк кылуу үчүн курал-жарак, акча жана алтын агымын көзөмөлдөп жатканын “Eurasinet” басылмасына жазды.

Хесс: “Армения менен Азербайжандын кагылышуусунда Орусия өтө маанилүү ролду ойноду. Баку менен Ереван Тоолуу Карабак боюнча макулдашса да, Москва эки өлкөнүн чырынан өзүнө пайда тапкысы келет. Армениянын коргонуу тармагын колдоп, келерки жылы февралда Су-30СМ аттуу төрт чабуул курал системасын койгону жатат. Кремль өзүнүн курал-жарак соодасын токтоткусу келбейт.

“Аскерий-техникалык кызматташтык” деген ураандын алдында Евразиядагы өлкөлөргө курал-жарак таркатууда. Мисалы, Москва Кыргызстанга бир нече аскерий тик учак жана радар станцияларын берди. Сооронбай Жээнбеков Кремлди өтө колдогон мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камакка алганына карабай орус-кыргыз ымаласы жылуу бойдон калууда.

Ошондой эле Кыргызстандын Жерүй алтын кени Орусиянын ири компанияларына өтүп, Кремль Кыргызстандын алтын запастарына ээлик кылууда да башка өлкөлөр менен тең тайлашып келет.

Ал арада Орусиядагы мигранттардын акчасы аймакка кайра агып, Тажикстан сыяктуу жакыр өлкөлөрдүн бийлиги ал тургай андан салык алып, пайда таап жатат. Ошентсе да акыркы мезгилде тажик бийлиги Москвадан оолактап, Бээжин менен кызматташууга оой баштады”, – деген оюн билдирген.

Булак: Азаттык