Домой Криминал Жездеси 18 жаштагы балдызын мууздап…

Жездеси 18 жаштагы балдызын мууздап…

301

кан жалаган бычакОш облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айылында 18 жаштагы жаш кызды уктап жаткан жеринен бөлөсүнүн күйөөсү терезе аркылуу кирип мууздап кеткен. Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдиргендей, 7-мартта күнү эрте менен Дөң-Булак айылында болгон бул кылмыш тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя 6-марттан 7-мартка караган түнү болгон. Кылмышкердин изи аркылуу аны бат эле колго түшүрүшкөн. Кылмышкер балдызы анын аялы тууралуу ушак таратып жүргөндүгү үчүн ушундай кадамга барганы белгилүү болду.