«Жыгылган күрөшкө тойбойт» деген кеп бар эмеспи? Анын сыңары «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери А. Мадумаров 2010-жылдан бери карай эле шайлоолордон жыдып, «далысы менен жерге тийип», деги эле жолу ачылбай келатат. Бирок, ошондон бери эле «шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм» деген сөздү кайталоодон тажабайт.
Ал бул ирет да 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо 5%дан бир аз ашык добуш менен жеңилүүгө аргасыз болду. Ал мындан ашык добуш ала албай турганын өзү деле билген. Бирок, баягы эле догурунма адатына салып, «шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм» дегенин кайталоодо.
Эгерде А. Мадумаров сүйлөгөнүнө жараша иш жасай ала турган болсо, анда ага К. Бакиевдин убагында эң сонун мүмкүнчүлүктөр жаралган. Тилекке каршы, ал мүмкүнчүлүктөрдү Адахан мырза элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына пайдалануунун ордуна «Жогорку Кеңештин имаратын жаңгак жыгачы менен кооздойт элем» деген аракети жана Жаныш Бакиевдин юбилейинде анын колуна камчы карматып: «элди каалаганыңыздай камчылай бериңиз» деген кошоматчылыгына гана пайдаланды.
Азыр деле ошентип «тили менен орок оргонун» токтотпой келатат. Куру чечен боло бергенден көрө эл үчүн бир тыңгылыктуу иш жасап койсо, анда элибиз өзү эле аны колуна көтөрүп алмак. Бизге эми жөн гана сүйлөй бере турган эмес, иштей турган жетекчилер керек. Андыктан Адахан мырза жок дегенде ушул ирет жеңилгенин чындап мойнуна алып койсо, жигиттик кылган болот эле.