Домой Коом Жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзам президент тарабынан артка кайтарылды

Жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзам президент тарабынан артка кайтарылды

274

45967w660h490croplr

Жерлерди трансформациялоого тиешелүү  айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн каршы пикир менен парламентке кайтарылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирет.

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке кайра кайтарды.

Мыйзам  Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июлунда кабыл алынган.

Мамлекет башчысынын каршы пикиринде мындай деп белгиленет:

Биринчиден,  viagra nz queenstown. кабыл алынган Мыйзам “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулбай турган жер участокторунун чөйрөсүн негизсиз кеңейтет.

Тактап айтканда, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулбай турган жер участокторунун катарына жогоруда аталган Мыйзам күчүнө киргенге чейин жеке турак жайлар курулган жер участокторунан тышкары, калктуу конуштардын өнүгүшүнүн келечектүү планына киргизилген, трансформациялоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уруксат берүүчү документтери бар жер участоктору да кошулат.