Домой Саясат ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ЭМНЕ ЖУМУШ КЫЛАТ?

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ЭМНЕ ЖУМУШ КЫЛАТ?

96

Кыргыз республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун алыскы аймактарды өнүктүрүү жана коррупцияга каршы күрөшүү демилгесин биз элеттик адамдар ар тараптан колдоп кубаттайбыз. Мамлекет башчысынын мындай демилгесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да ар тараптан колдоого тийиш деп эсептейбиз. Үстүбүздөгү жылы Сооронбай Шарипович өлкөбүз боюнча дагы миңдеген гектар жаңы жерлерди өздөштүрүү, жер аянттарынын суу менен камсыздалышын жакшыртуу боюнча ачык-айкын тапшырмаларды белгиледи. Аны суугат тармактарындагы адистер менен кошо жергиликтүү бийлик, карапайым эл да аткаруусу зарыл. Биздин облуста жер жана суу маселеси башкы планда турат. Жыл сайын калктын саны өсүп жатат. Келечекте бала-бакырабызга турак-жай салганга, жаңы жерлерди өздөштүрүп жанын бакканга жер керек.

Биздин ата-бабалар илгертеден эле улуу тоолорубуздан башат алган дарыялардагы сууну канчалаган кыйынчылыктар менен таштарды тешип, тоонун бооруна арыктарды салышып жака-боорлорду өздөштүрүп бак тигип, эгин айдап күн кечирип келишкен. Биздин да алардын жолун улантып какырап ээн жаткан тегиз жерлерди өздөштүрүп, бак-дарак отургузуп, жашылча-жемиш өстүрүп күн көрсөк деген аруу тилектерибиз бар. Кудайга шүгүр азыр илгерки заман эмес. Кубаттуу техникаларды таап, тоо-таштарды жардырып, сууну жетелеп келсе болот. Аңдап көрсөк барган сайын жер маселеси курч коюла баштады. Чек аралардагы чыр-чатактар да көбүнесе жер жана суу талашынан улам келип чыгууда.

Мына Кадамжайдын Ак-Суу дарыясынан тартылган М. Нургазиев атындагы каналдын жогору жагында, Пүлгөн-Бүргөндү айланма жаңы жолунун үстүндө дагы эле миңдеген гектар дың жерлер өздөштүрүлбөй шыбак менен коен томук басып, кескелдириктер менен жыландар мекендеп жайыт катары гана пайдаланылып келүүдө. Биз алдыңкы көз караштагы районубуздун Халмион, Алга айыл өкмөттөрүндөгү Эргенек, Ирилеш, Ноогардан жана Алга айылдарындагы жаштардын башын бириктирип алдыбызга асыл максаттарды коюп “Канатташ өрөөн” коомдук бирикмесин түзүп, устав, программасын жазып мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөргөнбүз. 2011-жылдан бери айылдардагы мечиттерде, элдик жыйындарда, той-тополордо карапайым калк арасында түшүнтүрүү иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Биздин максат Халмион айыл аймагындагы 17045 гектар жердин 7000 гектарын айыл чарба жерлеринин категориясына өткөртүү. Ошону менен бирге айтылуу АК-Суу дарыясындагы суунун бир бөлүгүн канал каздырып жаңы жерлерге бурдуруу. Анткени Кыргызстан дарыядагы суунун өзүнө тиешелүү бөлүгүн ала албай, арга жок коңшулаш Өзбекстандын талааларына агып жатат. Өзүбүзгө тиешелүү сууну албай жатканыбыз кишини намыстандырат экен. Ошондо биздин долбоордо 26 чакырым узундуктагы канал Алга айыл өкмөтүнүн Шыбыран айылына дейре казылса секундуна 5 куб суу агып 8000 гектар жаңы жер өздөштүрүлөр эле. Муну үчүн биринчи кезекте жерлерди трансформациялап айыл чарба багытына которуу керек. Анан жер кыртышын изилдөөчү адистерди, картографтарды чакырып, өрөөндүн башкы планын түзүүгө болор эле. Айылдык жаштардын бул демилгесин эл аралык ЮСАИД, Ага хан, АКТЕД, Жайзет жана башка уюмдар колдоого даяр. Калкыбыз чыгымдардын чейрегин көтөрүүгө шымаланып турушат. Бирок негедир бизге түшүнүксүз себептерге байланыштуу, тийиштүү айыл өкүмөттөрү, айылдык кеңештердин депутаттары, райондук мамлекеттик администрация демилгени колдобой, убакытты создуктурууда. Өз элинин келечегин ойлогон бийлик башчылары элеттиктердин демилгесин колдоого тийиш эмес беле! Биз кудай буюрса мындай дың жерлерге заманбап үйлөрдү, башка имараттарды куруп, дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн элдеринен кем калышпай жашасак деген үмүттөбүз.

Ошондуктан Кыргыз республикасынын президентинен, парламенттеги депутаттарыбыздан, өкмөт башчысынан жана тийиштүү уюмдардан колдоо күтөбүз. Ишибиздин илгерилеп кетиши миңдеген айылдыктардын асыл максаты. Бийликтин бардык бутактары эл үчүн иштегенде көйгөйлөрүбүз эбак эле чечилмек.

Куштарбек Мадаминов

Баткен дубанынын Кадамжай районундагы “Канатташ өрөөнү” коомдук бирикмесинин жетекчиси

Булак: “Ачык сөз”