Домой Саясат Жеңиш Молдокматовдун кеңсесинде тинтүү жүрдү

Жеңиш Молдокматовдун кеңсесинде тинтүү жүрдү

4340

Жеңиш Молдокматовдун кеңсесинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу саясатчы өзү Фейсбуктагы баракчасында түз эфир учурунда билдирди.

Видеодо тинтүү жүргүзүү үчүн келгендер анын окуяны тасмага тартышына каршы болуп жатышканын угууга болот.

«Тергөө купуялуулугу деген бар. Түз эфирди өчүрүңүз», — дешти алар. Ошондой эле саясатчыдан кеңсесинде мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал болсо, өткөрүп берүүнү талап кылышты.

Жеңиш Молдокматов алар автомат менен келгенин, «кирип эле бирөөнү басып жыгылышканын» айтты.

Эскерте кетсек, Жеңиш Молдокматов акыркы күндөрү жаңы Баш мыйзамга каршы митингдерди уюштуруп келет. Ал жакынкы күндөрү президент Садыр Жапаровду, төрага Талант Мамытовду сотко берүүгө камданып жаткан. Бүгүн эле анын санаалаштарынын бири Тилекмат Куреновду милиция кызматкерлери кармап кетишкен эле.