Домой Саясат Жеңиш Молдакматов: Жыйынтык көргөзүп жаткан жаңы муундун өкүлдөрүн басмырлагандан өнүгүп кетпейбиз!

Жеңиш Молдакматов: Жыйынтык көргөзүп жаткан жаңы муундун өкүлдөрүн басмырлагандан өнүгүп кетпейбиз!

52

Кыргызстандын шахмат федерациясында болуп жаткан махинациялар жөнүндө “Замандаш” партиясынын төрөгасы Жеңиш Молдакматов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“КР Шахмат федерациясынын ийгилиги артып турган учур Милан Турпановдун президенттигине туш келет. Кыргызстандын эгемендүү тарыхында алгач гроссмейстерлердин чыгуусуна шык берип, шарт түзүп берди. Жалгыз “Устав” менен “Мөөрүн” өткөзүп алган Милан мырза бүгүн федерацияны бийик деңгээлге чыгара алды. Шахмат академиясын ачууга жол ачып, бир кезде каралбай калган аймактарды жандандырып, алыскы айылдардан шахматистерди чыгарууга жетишти. Миңдеген балдар тарбия алып, жүздөгөн балдар чет мамлекеттерде эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып келишет. Мунун бардыгы мыкты жетекчинин талыкпас эмгегинен улам болгонун кантип танабыз.

Азыр аталган федерацияда М.Турпановду четтетип, өз кызыкчылыктарын, чет элдик кызыкчылыктарды көздөгөн иштер жүрүүдө.

Милан Турпановго болгон терс кадамдарга каршымын! Эгерде кысым күчөсө жанында туруп колдоорумду билдиремин!

Ошондой эле, башка коомдук-саясий ишмерлерди, жараандык коомдук, кайдыгер эмес жарандардын Турпановду колдоого чакырам!

PS: Иштеп, жыйынтык көргөзүп жаткан жаны муундун өкүлдөрүн басмырлагандан өнүгүп кетпейбиз. Адамдарды тирүүсүндө барктайлы деп канчасын колдон учурдук. Барктаганды качан үйрөнөбүз!”-деген Молдакматов.