Домой Коом Жеңем «дагы экини төрөсөм, бул үйдү мен башкарам»-дейт…

Жеңем «дагы экини төрөсөм, бул үйдү мен башкарам»-дейт…

93

«Апам менен жеңемдин тилдери узун»

Өзүм студентмин. Айылда жүргөнүмө бир ай болуп калды. Келгенден бери апам менен жеңемдин бийлик үчүн күрөшүп жатканына күбөмүн.
Үч байкем бар. Ортончусу бөлүнө элек. Анын аялы жеткен ажаан, эч кимди сүйлөтпөйт, баары менен урушуп эле басып жүрөт. Бир баласы бар, экинчисин күтүп жатышат.

Эми жашырганда эмне, кайын эненин камырынан болуп, апамдын деле тили узун, ар дайым бирөөнүн ишине мурдун тыга берет. Чогулуп чай ичип же телевизор көрүп отурсак эле, убагында кайын энесинен көргөн кордуктарын айтып, “үч бала төрөгөндөн кийин, үйдү өзүм башкарып калгам”,- дей берет.

Суу ичким келип ашканага бараткам. Жеңем идиш-жууп жатыптыр. Он мүнөт мурун апам экөө ызылдашып кеткен. Кокустан, жеңемдин “мына көрөсүң, азыр бир эле балам бар, дагы бир-экини төрөсөм, бул үйдү мен башкарам”,-деп күбүрөнүп жатканын угугуп калдым.

Кыялы чорт болсо дагы, карып калган апама боорум оорду. Жеңемдин тилеги ишке ашып калса, аны менен эмне болот? Балким, байкеме айтам? Кеңеш бергилечи, үйдөгү бул чырды кантип токтотсо болот?

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Эч кимге эч нерсе айтпаңыз, кайра сиз күнөөлүү болуп каласыз. Жеңеңиз “мен андай деген эмесмин” дейт, аны далилдей албайсыз, дагы бир уруш болот.

Апаңызды оңдой албайсыз, келин дагы өз үй-бүлөсүнүн кожойкеси болгусу келет. Бул чатак бир гана жол менен чечилет: алардын үй-бүлөсүн өз алдынча бөлүп салуу. Акча аз болсо дагы, батирге чыгышса, баарына тынч болот. Бул эң башкысы! Болбосо, ажырашуу болушу мүмкүн. Келин дагы бир уруштан кийин балдарды алып кетип калат. Андан көрө, тынчтык жол менен бөлүп койгон жакшы.

Айылда психологдун жоктугу өкүнүчтүү. Келин бардыгы менен кантип тынчтыкта ​​жашоону үйрөнүшү керек. Апаңыз дагы, бирок анын барышы күмөн, анткени кайын эне баарын билет деп ойлошот.

Сиздин ролуңуз – жеке жашооңузга кам көрүү. Тилекке каршы үйүңөрдө дагы деле тынчтык жок болот. Көйгөй өзү, кезектеги чырдан кийин, келин балдар менен кеткенде чечилет.

Ата-энелер менен жашоо салты эскирип калган жана биздин күндөрдө эч кимге бакыт алып келбейт. Ата-эне картайып, камкордукка муктаж болсо, анда алар менен чогуу жашаса болот.

Булак: Билесиңби