Президент Сооронбай Жээнбековдун бул кызматка киришкенден кийинки алгачкы чет өлкөгө жасаган сапары жемиштүү болду. Тактап айтсак, ал 24-ноябрда кызматына киришип, 29-ноябрда алгачкы сапарын Россия Федерациясына жасады. Ал жактан Россия президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту.
Бул алгачкы сапар Россиянын чакыруусу менен жасалды. В. Путин жолугушууда С. Жээнбековду мамлекет башчысы катары кызматына киришкени менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап, эки өлкөнүн ортоснудагы соода-экономикалык мамилелердеги алдыга жылууларды белгилеп өттү.
“Сиз тажрыйбалуу адамсыз, акыркы кезде өлкөнүн өкмөтүн жетектегенсиз, Россия менен Кыргызстандын өз ара аракеттенишүүсүнүн бардык саясый пландарын иштеп чыгууга түздөн-түз катышкансыз. Сиздин катышууңуз менен Кыргызстан башкы экономикалык интеграциянын толук кандуу мүчөсү болду. Мындан кийин Кыргызстандын союздун өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү сезилерлик өскөндүгү байкалууда. Ал эми эки тараптуу кызматташуубузда өткөн жылдагы бир аз төмөндөөдөн быйыл биринчи кварталда эле товар жүгүртүү 32% өскөндүгү байкалат”,- деди Путин.
Премьер-министр Д. Медведев менен болгон жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери, эки тараптуу өнөктөштүктүн кеңири спектри боюнча аракеттенишүүнүн багыттарын талкуулашты.
Андан ары мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Белоруссиянын борбору Минск шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун (ЖККУ) сессиясына катышты.
Минскиден чечилген чек арасы маселеси
Мына ушул Минскиге жасаган сапарынын алкагында 30-ноябрь күнү С. Жээнбеков Казакстандын президенти Н. Назарбаев менен жолукту. Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда акыркы эки айдан бери көйгөйлүү маселеге айланган кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал талкууланды. Бул маселени жабык эшик артында талкуулашкан соң эки президент атайын билдирүү жасашты.
“Чек арадагы жагдай эмне үчүн болгонун баарыбыз билебиз. Ошондуктан биз мындай деп келиштик: эки өкмөт келишкен «Жол картасы» бар. Ошол «Жол картасын» карап чыгуу үчүн эртең-бүрсүгүнү өкмөттүк топ Казакстанга келет, биздин топ менен чогуу отурат дагы, ошого кол коет. Ошондон кийин биз чек араны убактылуу ачабыз да, бирок анда эки жактан тең көзөмөл орнотобуз — Кыргызстандан да, Казакстандан да, ЕАЭБден — үч киши ар бир жүктү карап, бирок өткөрө бере турган болду. Жаңы шайланган Кыргызстандын президентин мен Казакстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакырам. Ошол келишинде биз бардык башка маселелерди артка калтырып, кыргыз-казак ортосундагы жагдайды түздөй турган болуп келиштик”, — деди Назарбаев.
Президент С. Жээнбеков жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болгонун, чек ара маселелери декабрь айынын ичинде толугу менен чечиле турганын айтты. “Биз болгон көйгөйлөр боюнча көп нерсени сүйлөштүк. Бир чечимге келдик. «Жол картасы» бар, ал боюнча эки өкмөт азыр иштеп жатат. Ошону декабрь айынын ичинде аягына чыгарабыз. Аны аягына чыгарып койгондон кийин көп маселе чечилет. Эми ал маселелердин баары чечиле турган маселелер. Көп маселелер бар эки тараптан, мунун баарын чечебиз”, — деди мамлекет башчысы.
Айтылган сөздөр аракетке өткөндө…
Ошентип эки өлкөнүн башчыларынын сүйлөшүүсүнөн кийин кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал бир топ жакшырганы байкалды. 2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Жол картасына” кол коюлду. Ага кыргыз тараптан биринчи-вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, казак тараптан өкмөт башчынын биринчи орун басары Аскар Мамин кол койгон. Натыйжада 3-декабрдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктары кадимкидей режимде иштей баштады.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын айтымында 3-ноябрдан тарта казак тарап унааларды өткөрүүнү тездеткен. Мурда саатына 7-8 гана унаа өтүп аткан болсо, эми саатына 15-20дан унаа өтүүдө. 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү жалпысынан 225 унаа өткөн. Чоң-Капка өткөрүү пунктунда кезекте турган 70тей жүк ташуучу унаалар толугу менен өткөрүлгөнү да белгилүү болду.
Мына ушунун өзү президент Сооронбай Жээнбековдун алгачкы сапарынын жемиштүү болгонун айгинелейт. Бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болот. Мамлекет башчылары тил табышып турса, карапайым жарандар үчүн да жакшы болорун билет эмеспизби.