Домой Дүйнөдө Жеки Чан: “Кабатыр болбоңуздар, карантинге алынган жокмун!”

Жеки Чан: “Кабатыр болбоңуздар, карантинге алынган жокмун!”

291
Бүгүн чет өлкөлүк маалымат булактарына “Атактуу актёр Жеки Чан коронавирус жуктуруп алып, карантиге алынды” деген маалыматтар тараган. Актёр өз кезегинде бул боюнча Инстаграм баракчасына:

“Камкордугуңар үчүн баарыңарга ыраазымын. Мен аман-эсенмин, ден соолугум жакшы. Кабатыр болбоңуздар мен карантинге алынган жокмун. Баарыңар коопсуз жана ден соолукта болосуңар деген үмүтүм чоң”,- деген билдирүү жасады.Булак: Барс Медиа