Жалпыга маалым болгондой жакында эле жеке ишкер Улан Бакасов Нарындын 5 районуна жана Нарын шаарына жалпысынан 9 Тез жардам медициналык машинесин үй-бүлөсүнүн атынан белек кылып, коомчулуктун ак батасына арзыган.
Улан мырза ошону менен эле токтоп калбастан, бүгүнкү кыйын күндө жардамга муктаж болгон Нарын шаарына жана Нарын районунун баардык айылдарына 50 тонна ун, 10 тонна макарон,10 тонна суу май,2,5 тонна күрүч, 62 миң даана маска таратып берди. Жардамдарды аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдөн тышкары: Нарын милициясы, шаардык оорукана жана Тазалык ишканасына бөлүштүрүлүп берилди.
Кыргыз улутунун Улан мырзадай элдик уулдары көп болсун дейли. Элдин камын көрүшкөн ушундай эр азаматтары элди ак батасы менен агарып көгөрүп, дагы да эл үчүн зор кызматын кыла беришсин!