
Экс-президент Алмазбек Атамбаевге ыксыз асылып аны коомчулукка
желмогуз көрсөтүүгө жан далбас кылгандар дагы бир “ өрдөгүн”
учурду. Жашынып алып жазып жаткандардын чолок акылында,
убагында бир топ саясатчыларга саясий өңүттөн кылмыш иштери
козголгон имиш.
Алардын бир социалдык фонду “соолутуп”, кемпир чалдардын
ырыскысына кол саган Акматбек Келдибеков экен. Бул эргул 30 миллион
сомду “ап этип” анан кайра 10 миллион сом төлөп ошонусу менен
кылмышын моюнуна алып кутулуп кеткен жагдайы бар.
Тизмени андан ары карай “Чынгыз хандын урпагы” атка конгон
Камчыбек Ташиев улантат. Эми, Камчыбек Ташиевдин жоругуна элдин
баары эле күбө болгон да. Андыктан Камчыкеге “саясий куугун” деген
сөз анча жарашпай тургандай.
Бакиевдин “ айдагы менен “төңкөрүш кылам”- деп соттолгон Садыр
Жапаровду да “саясий туткун”- деп айтууга ооз барбайт. Тизмени андан
ары улаган Нариман Түлеевдин жөнү такыр башка. Ал коррупция
беренелери менен соттолуп жеген-ичкенин “кусуп” берүүгө айласыз
болду. Билишибизче, Иса Өмүркуловго козголгон кылмыш иши азыр да
иликтенип аягына чыга элек. Кыязы Өмүркулов Асылбек Жээнбековдун
оң капталынан “ ыңгайлуу орун” таап алып укук коргоо органдарын “чык
эшике” деп жатса керек.
Баамдап байкаган адамга бул тизмеде бир да саясий өңүт менен
соттолгон адам жок экени көрүнүп эле турат. Андыктан экс президент
Атамбаевге асылгандар, жалганды жазсаңар да бир аз чындыкка
жакындаштырып койсоңор жакшы болмок.
Бишкек ТЭЦин экс президентке канчалык жармаштырсаңар да
жармашпайт. Себеби: мамлекет башчысы катары ТЭЦти
модернизациялоо Атамбаев акча таап келгени эле болбосо, чарбалык
иштердин баарын Сатыбалдиев, Оторбаев, Сариев, Жээнбековдун
өкмөттөрү ишке ашырганы белгилүү. Андыктан ТЭЦ маселеси боюнча
премьер-министрлер толук жоопкерчилик тартыш керек.
Ал эми, “Нариман Түлеев «Марал» радиосуа Атамбаевден «достукту»
кабыл албай турганын ачык айтып чыкты” – деген сөзгө да ишенүү абдан
кыйын. Анын үстүнө мындай билдирүүнү Нариман Түлеев өч алуу
максатында гана чыгарып жатканы түшүнүктүү эле болуп турат.
Ошондой эле, “экс-спикер Акматбек Келдибеков Алмазбек Атамбаевдин
мындай аракетине «макул» деген жообун бериптир. Кыязы, бүгүнкү
бийликтин учурунда деле жакшы кызматка бара албай турганына көзү
жеткен Акматбек мырза Атамбаевдин бал сөзүнө алдана түшсө керек.
Балким, ири суммада акча каражатын да алгандыр?” – деген жоромолго
мыйыгыбыздан жылмайып баш чайкап гана тим болдук. Албетте,
саясатта достук жок экени чындык. Бүгүнкү досуң, эртең касың болуп
каларын “ эки достун” мисалында көргөндөй болду го. Бирок баары бир,
Атамбаевдей таза инсандын Келдибековдой “коррупция символу” менен
ымалага келип калышына ишенүү абдан эле кыйын.
Жазмакердин божомолуна ылайык, Атамбаев ушундай эле “ салам —
дубайын” Ташиевге жиберип Камчыбек мырза “ ойлоноюн” деген
имиш.
Андан ары автордун “ көзү ачылып” кези келип түрмөдөн чыкканда
2020-жылы Атамбаев Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровго да “
жуучу” түшөт экен деген кебин айткан.
Башкасы башка бирок, мародерлор жана төңкөрүшчүлөр менен
Атамбаевдин “коюн колтук алышып” кетиши өтөт эле арсар.
Андан соң автор, өзүнүн ойдон чыгарылган жалган макаласына
жыйынтык чыгарып : “айтор, А. Атамбаев мына ушундай аракети менен
эч качан мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой турганын жана
ойлонбогонун, ага жеке гана саясий жана финансылык кызыкчылык
биринчи орунда тураарын далилдөөдө. Ошондо «А. Атамбаевге сатыла
турган саясатчылардын баасы канча болду экен?» деген суроо жаралат.
Балким, алар өздөрүнүн баасын ачыктап коюшаар… “ – деп аяктаган.
Биринчиден, жогорудагыдай дооматтардын бары Едичка Байсалов
“жеңе” айткан кадимки эле көчөдөгү ушактардын бири. Экинчиден,
Атамбаевге ар дайым эл кызыкчылыгы үчүн иштеп элдик казынаны
тоногондордун жазасын берип келгени менен элдин эсинде калган
саясатчы.
Үчүнчүдөн, Жээнбековдун үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы көз
караштардын дал келүүсү, баардык саясатчыларды экс президент “сатып
алды” дегенге жатпайт.