Домой Саясат Жээнбековдун маалымат каражаттары менен жолугушуусу: жоопторго караганда суроолор өйдөрөөк болду

Жээнбековдун маалымат каражаттары менен жолугушуусу: жоопторго караганда суроолор өйдөрөөк болду

182

Өткөн ишембиде президент Сооронбай Жээнбеков ЖМКнын башкы редакторлору менен жолугушту. Эки саатка созулган сүйлөшүү учурунда ал, жок дегенде, элди, коомчулукту дуу түшүргөн кенедей да бирдеме айткан жок. Айткандарынын маңызы бул: өлкөдөгү терс маанайды жараткан “мен эмесмин”, аны менен соттор, депутаттар, өкмөт, комиссия, айтор, ким болсо ошол алектениши керек. Иштин натыйжасын “силер көрөсүңөр, бирок качан экенин айтпайм” деди.

Демейде мындай учурда эл мамлекет башчысынан келечек пландарды көрсөтөт, милдеттерди аныктайт, адамдарды артынан ээрчитет деп күтөт. Бирок жолду өзү билбеген адам элди кайда ээрчитет? Шайлангандан эки жыл өткөн соң өлкө башына кокус адам келип калганы жана ал колундагы бийликти эмне кылаарын билбей турганы түшүнүктүү болуп калды.

Райым эмне болду деп сурашса, президент текшерип атабыз, фактыларды бергиле деди. Деги бизде атайын кызматтар деген барбы же жокпу? Же “фактыларды” бир гана журналисттер бериши керекпи? Финпол ушул жылдын ичинде эле Матраимовдордун кланы менен байланышкан адамдардын өлкөдөн 650 АКШ долларын алып чыгып кеткени туурасындагы журналисттердин айтканын  тастыктабады беле. Бул эмне, факты эмеспи?

“Апрель” телеканалын ким жапты деген суроого да “мен жапкан эмесмин” деди. Өзү жаппаса да,кимдин колу менен жапканын элдин баары билип, түшүнүп эле турбайбы. Мындай эки жүздүүлүктүн эмне кереги бар? Куранда Жараткан эки жүздүүлөрдү жактырбайт деп айтылган. Эгерде Сооронбай Жээнбеков чынында эле динге ишенген адам болсо, анда муну билиши керек эле.

Байкаган адамга президент ЖМК менен 2018-жылдагы болгон жолугушуу учурунда айткандарын сөзмө сөз кайталады. Жаңы эч нерсе айткан жок. Бирок бир нерсени белгилей кетели. Эгерде мамлекет башчысы келечек пландарын айта албаса, анда коомчулук анын качан кетерин талкуулай баштайт. Шайланганына эки жыл болуп болбой атып,  Жээнбеков туурасында ушундай сөздөр айтыла баштады.

Ал Конституцияны өзүнө тууралап өзгөртпөй турганын, дагы бир мөөнөткө барбай турганын айтты. Ушунусуна да ыракмат дейли. Бирок “азырынча” дегенин кошумчалай кетели. Учурда Кыргызстанда парламенттик система иштебей турат – сотторду да, парламентти да, өкмөттү да президент башкарууда. Албетте бул ага жагат, ошондуктан башка саясый институттардын таасирин чыңдоону каалабайт деле. Бирок анын президенттик мөөнөтү аягына чыкканда, ага мындай бейформал көзөмөл жетишсиз болуп көрүнүшү ыктымал. Кептин төркүнү түшүнүктүү да…

Көрө жатабыз, балким Жээнбековдун кланы төрт жылдан кийин, конституция боюнча чын эле бийликти өткөрүп берер. Бирок бул өтө чоң шек туудурат. Башкысы,бир жагынан төрт жыл деген зарыгып күтө турган узак убакыт! Демек, төрт жыл ичинде өлкө дагы канчалаган мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарар экен…

Булак: Багыт