Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өзүнүн бир тууган агасын шаар мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчылыгына дайындады. Агенттиктин мурунку башчысы өз каалоосу менен жумушун тапшыргандыктан, анын орду бош тургандыктан агасы Абдималик Тагаевди мэр иниси дайындаптыр.
Бул кадрдык дайындоо коомчулукта кызуу талкууланууда.
Убагында Курманбек Бакиев “Бир туугандарымдын башы жакшы иштесе менде эмне күнөө” деп кызматка дайындап келгендей, Тагаевдердей башы иштеген кадрлар калбай калган окшойт. Президент Сооронбай Жээнбековду ушул кудалар өз билгендерин кылып жатып элге жаман көргөзүп бүтмөй болду окшойт.
Белгилей кетсек, мэр Мураталы Тагаев Президенттин бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун кудасы.
fakt.kg