Домой Аналитика Жээнбеков өкмөт башына келгени айыл чарбасында олуттуу жылыштар башталды

Жээнбеков өкмөт башына келгени айыл чарбасында олуттуу жылыштар башталды

38

         SAB_7069 cialis online deutschland.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айыл чарбасы жаатында анык профессионал адис экенин өкмөт башына келген күндөн тарта барган сайын далилдөөдө. Бул боюнча алчы-таасын жеген күчтүү эксперттер да өздөрүнүн мезгилдүү басма сөзгө берген маектеринде ачык айтышууда. Эмесе, сөзүбүз куру болбосу үчүн бул жааттагы так далилдерди четинен тизмектеп, мисалдатып көрөлү.

Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келгенден тарта айыл чарбасын каржылоо долбоорунун алкагында 2016-жылдын жыйынтыгы менен дээрлик 5 млрд. сомдук 13246 насыя берилди. Мунун ичинен 528,7 млн. сомдук 1499 насыя өсүмдүк өстүрүүгө, 3777,7 млн. сомдук 11661 насыя мал чарбачылыгына берилсе, 525,5 млн. сомдук 85 насыя кайра иштетүү өндүрүшүнө жумшалды. Ушул жылдын 1-июлуна карата баардыгы болуп 3 млрд. сомдон ашык 8284 насыя берилди. 647,1 млн. сомдук 1963 насыя өсүмдүк өстүрүүгө, 2,2 млрд. сомдук 6173 насыя мал чарбачылыгына, 547,8 млн. сомдук 148 насыя кайра иштетүү өндүрүшүнө берилди.

“Айыл чарбасын каржылоо – 5” программасынын алкагында жеңилдетилген шартта насыя берүү 7 млрд. сомго чейин жеткирилмекчи болууда. Айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүгө берилчү насыялардын пайыздык ченеми 6%га чейин төмөндөтүлөт. Баардык тармактар үчүн насыяларды төлөө мөөнөтү 36 айга чейин узартылды. Бул жаатта эгемендүүлүктү алган 27 жылдын ичиндеги премьер-министрлерди мындай кой, соңку жылдардагы өкмөт башчылардын көпчүлүгү айыл чарбасына мындай камкордуктарды көрө алышпаганын Сооронбай Жээнбековдун ашынган душмандары да тана алышпаса керек.

Дагы бир баса белгилей кетүүчү жагдай, өкмөттүн 2017-2026-жылдарга карата атайын приоритеттүү максаттары коюлган. Ага ылайык, өкмөттүн демилгеси менен 2017-2026-жылдарга ирригациялык системаларды өнүктүрүүнүн 10 жылдык программасы иштелип чыкты. Муну менен 58,8 млрд. сомдук 45 обьектини ишке киргизүү пландаштырылууда. Биринчи артыкчылыктуу багыт өзүнө 4,9 млрд. сомдук 17 обьект ирригациялык обьектини камтыса, бул жааттагы экинчи артыкчылыктуу багыт өзүнө 36,3 млрд. сомдук 16 ирригациялык обьектини камтыйт. Үчүнчү артыкчылыктуу багытта жалпы суммасы 18 млрд. сомдук 12 ирригациялык обьектини куруу каралган.

Сөздүн кыскасы, өкмөттүн дыйканчылык аймактарыбызга сугат иштерин жандантуу боюнча саамалыгы акыркы 1 жылдан бери негизги максаттардын бирине айланды. Алыскы Баткен, Нарын аймактарыбызда чоң сугат каналдары ишке киргизилип, буга чейинки какыраган чөл сымал талаалардын аянты кемтилип, четинен гүлгө айланууда. Буга удаа тамчылатып сугаруу иш-аракети да мурда болуп көрбөгөндөй жанданып, көргөн кишиге иштин бул жаатта ырааттуу нукта уланып жатканына ынанбай кое албагандай шарттар түзүлүүдө.