Домой Саясат Жээнбеков Атамбаевдин аракеттерине баа берди

Жээнбеков Атамбаевдин аракеттерине баа берди

60

Бүгүн президенттин жетекчилиги алдында Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү.

lМурдагы президент Алмазбек Атамбаев мыйзам түрүндө аткарылып жаткан иш-чарага куралдуу каршылык көрсөтүп, Башмыйзамды одоно бузду. Мындай пикирин өлкө башчы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.

«Кыргызстан укуктук өлкө. Мамлекеттин милдети — ар бир жарандан мыйзамдын тараптарын бекем сактоону талап кылуу. Коопсуздук кеңеши тынчтыкты сактоо үчүн мыйзам жолунда талап кылынган бардык иш-чараларды аткарышы керек», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон учурдагы абал тууралуу бардык маалыматтарды алды.