Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча 15 жылга соттолгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочулары Свердлов райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Замир Жоошев билдирди. Жоошев учурда арыз даярдалып жатканын кабарлады. Ал эми башка соттолуучулар апелляциялык арыз береби — азырынча белгисиз.
6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмү менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга абакка кесилген. Калган айыпталуучулар жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулган.
Судья «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровду, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду да күнөөлүү деп таап, аларга 2 жыл 6 айлык абак жазасын чектеген. Бирок тергөө абагында отурган убакытты эске алып, аларды сот залынан бошоткон. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып пул салынды.
2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.
Булак: Азаттык