Аялзаты ар дайым жаш болгусу келет. Айрыкча, жаз айларында кыз-келиндерибиз бети-колуна кам көрүп, күнүнө жок дегенде жарым саат өзү үчүн убакыт бөлүп койсо, ар дайым сымбаттуу жана жаш көрүнүшөт.
- Эртең менен физикалык көнүгүүлөрдү жасаба. Бул ден соолук үчүн да анчалык пайдасы жок. Адам организминдеги бардык гормондор саат 11ге барып гана толук ойгонушат, андыктан таң заарлап көнүгүү жасоо адам денесин мажбурлоого барабар. Муну саат 11ден кийин жасай берсе болот.
- Тиш догдурга эртең мененки сааттарда гана баруу керек. Деги эле бардык ооруксунткан медициналык жол-жоболорду түшкү саат 12ге чейин жасаган туура. Себеби, ушул убактарда адам денеси ооруксунууну азыраак сезет.
- Бат жасалчу тамактар менен какао ичпеш керек, ошондо ашыкча салмак көйгөйүнө туш болбойсуз.
- Кечинде кара жумуш кылбаш керек, себеби бул убакта булчуңдар бошошуп, алсырап калган убак болот.
- Ваннага денени жууй турган каражаттарды белгиленген өлчөмдөн көп салбаңыз, анткени алардын курамындагы синтетикалык заттар дененин куудурап кургашына алып келет.
- Мөмө-жемиштердеги пайдалуу заттарды болушунча көбүрөөк сакташ үчүн адегенде кайнап жаткан сууга туз салып коюу керек. Мындан кийин отту жайлатып, шашылбай бышыруу керек.
- Кечинде компьютердин алдында көп отурсаңыз, эт, балык, быштак, жумуртка жана ысык суу менен кофе ичиңиз. Бул азыктар борбордук мээ системасына жакшы таасирин тийгизет.
- Кечинде жатарда баш кийим кийип жатуу зарыл.
- Өтө арык болуу да бет терисинин тартылып, кургак болуп турушуна алып келет.
- Ар дайым сулуу жана жаш көрүнөм десеңиз түнкү уйку толук кандуу жана тынч болушу керек. Аз уктагандар бат салмак кошушат экен.
- Таттуу азыктарды эртең менен же түштөнүү учурунда гана азыраак жесе болот.
- Жалбыздан даярдалган чай ичегилердин иштөөсүн жакшыртып, ашказанга жагымдуу таасирин берет. Ошондой эле жалбыз чайы арыктоого да жардам берет. Жалбыз майын жыттап жүрсө ач болуу сезими жоголот.
- Ашыкча салмак кошуп ошондо да таттууларга болгон сүйүүңүздү жеңе албай жүрсөңүз улуу сөздө уят жок, күзгүнүн алдында чечинип алып келбетиңизди бир сыйра көздөн өткөрүңүз. Андан кийин сүйүктүү тамагыңызды жеш же жебеш өз колуңузда.
- Беттин терисине тамеки чегүү жана күнгө күйүү абдан зыян. Бул экөөсү тең бет терисин кургатып жана бырыш түшүрөт.
- Бетке коюлган косметикалык каражаттардын саны үчтөн ашпаш керек. Бир эле убакта бир нече мындай каражатты колдонуу бет терисин дүүлүктүрүп, так түшүрөт.
- Үч аш кашык жаңы бадыраңды эзип, бир стакан кайнак суу кошуп 2-3 саат тундуруп коёт. Муну дакиден өткөрүп алып 1 чай кашык таза бал кошуп аралаштырып, бет тазаласа болот. Бул беттин жагымдуулугун арттырып, бет терисин чыңдайт.
- Эртең менен жана кечинде сөзсүз түрдө беттин терисин косметикалык каражаттар менен тазалап туруу зарыл. Крандын суусу менен бетти жууганга болбойт, себеби анын кычкылдуулугу жогору келип бул болсо бет терисинин бат түлөп, эрте картайышын шарттайт.
- Ошондой эле бетти кайнак суу менен жумасына бир гана жолу жууш керек. Анткени, кайнак сууну көп пайдалануу бет терисинин дайым кызарып турушуна алып келет.
- Көздүн алдындагы бырыштардын алдын алуу үчүн петрушка чөбүн адегенде кайнатып алып андан кийин муз тоңдургучка салып коёт. Муну менен күн сайын көз тегерегин сүртүп туруу керек.
- Арыктагысы келгендер тамак рационунан камыр тамактарын, ак ундан жасалган нанды, колбаса, тез жасалуучу тамактарды, шекерди жана таттуунун бардык түрүн чийип салуусу керек.
Аида Мусаева