Домой Коом Жашы жете электе никелешүүнүн зыяндуу жактары

Жашы жете электе никелешүүнүн зыяндуу жактары

7452

Жашы жете элек адамдардын никеси — бирөө 18 жашка толо элек эки адамдын баш кошуусу.

кыз-жигит

Эл аралык иликтөөлөргө караганда, жашы жете элек балдар никеге толук макулдугун берүүгө жөндөмсүз. Себеби өз жашына байланыштуу никенин кесепеттерин толук түшүнө алышпайт, үй-бүлөлүк жана жубайлык милдеттерин толук аткара албайт деп эсептелет.

Адатта жашы жетелекте турмушка чыккан кыздар мектепте окууну токтотушат жана эч качан кайра улантышпайт. Алар билим албай жана адистикке ээ болбогондуктан, акы эң аз төлөнүүчү жумуштарда иштешет, натыйжада төмөн пенсия алышат. Жашы жете элек жубайлардын көпчүлүгү жакырчылыкта, кызыксыз жашоого мажбур, анткени жакшы жашоо үчүн иштеп табуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болот.

Зомбулук, экономикалык көз карандылык, басынтуу, мажбурлаган жыныстык мамилелер, укугунун жоктугу – булардын баары күйөөсүнүн үй-бүлөсүндө жашы жете элек кыз туш боло турган көйгөйлөрдүн толук эмес тизмеси. Көп учурларда мындай никелер ажырашуу менен аяктайт. Натыйжада жаш кыздар кичинекей балдары менен көчөдө үй-жайсыз, жашоого каражаты жок калышат. Ошентип, жашы жете электердин никеси кыздардын билим алуусуна жана өзүн өстүрүүсүнө терс таасир тийгизет. Зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө туш болгондуктан кыздардын жана алардын балдарынын денсоолуктары да начарлайт. Жашы жете элек жубай-жаш кыз – бул мүмкүнчүлүктөрү эч качан ишке ашпай турган бала.

 

how to get zoloft without prescription. Мыйзам  жоопкерчилигин унутпагыла

Кыргыз Республикасында Балдар жөнүндө кодекс жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан 18 жашка толо электер жашы жете электер деп таанылат.

Ошондой эле Үй-бүлө кодексинде никеге туруунун эң төмөнкү курагы 18 жаш деп бекитилген.

Кылмыш-жаза кодексинде никеге туруу мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган. Алсак, 17 жашка толо элек адамды никелик мамилеге мажбурлоо-беш жылга чейин эркиндиктен ажыратууга жазаланат, ал эми 17 жашка толо элек адамды ала качкандар он жылга чейин эркиндиктен ажыратылат.

Дагы Кылмыш-жаза кодексинде 16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнаш жана башка сексуалдык аракеттер үчүн үч жылга чейин эркиндиктен ажыратуу жоопкерчилиги каралган.

Кылмыш-жаза кодексинде жашы жете элек адамдардын ата-энесинин, аларга карата никеге туруу диний каадасын жүргүзгөн адамдардын, жашы жеткен күйөөсүнүн жоопкерчилиги 3төн 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу  каралган.

15-19 жаштагы кыздардын арасындагы балдардын төрөлүшү КМШнын 8 мамлекетинин ичинде Кыргызстанда өтө жогору. Биз Казакстандан, Молдовадан, Украинадан, Россиядан, Армениядан жана Беларуссиядан “озуп”, Азербайжандан кийинки экинчи орунда турабыз.

 

Эрте нике жөнүндө элде толук маалымат жок

КР Улуттук статистикалык комитетинин изилдөөсү көрсөткөндөй, көпчүлүк эл нике курагы жөнүндө жетиштүү билбейт. Атап айтканда, изилдөөнүн ар бир алтынчы улуу катышуучусу (17% аялдар жана 16% эркектер) КР жарандары никеге тура алган жаш курагын туура айта алышкан эмес.

Сурамжылоонун катышуучуларынын теңинен көбү (56% аялдар жана 55% эркектер) өзүнүн кыздарын жашы жете элек куракта турмушка берген ата-энелерге карата мамлекет чара көрүүгө тийиш деп эсептешет.

Аймактар боюнча өзүнүн балдарын жашы жете элек куракта күйөөгө бергендиги үчүн ата-энелерге чара колдонулушун айткан аялдардын көп үлүшү Баткен (73%), Ысык-Көл (76%) облустарына жана Ош шаарына (71%) туура келген.

Өтө жакыр турган үй-бүлөлөрдүн жашоочулары башка үй-бүлөлөргө караганда чаралардын колдонулушун көбүрөөк белгилешкен (48%га каршы 63%).

Практика көрсөткөндөй, жогорку класстын окуучуларынын басымдуу бөлүгү нике мыйзамдары, никеге туруунун эң төмөнкү курагы, ошондой эле 16 жашка чыга электер менен нике мамилелерин түзгөндүк үчүн жоопкерчилик туурасында маалыматы жок. Эрте турмушка чыгуу жана бала төрөө кандай терс кесепеттерге алып келе турганын алардын көбү билбейт.

Мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болгон ички иштер кызматынын кызматкерлери, мектеп мугалимдери, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү-аксакалдар соту, аялдар кеңештери да бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү зарыл. Эгер жашы жетелектердин никеси тууралуу маалымат алышса, ал тууралуу тиешелүү органдарга билдиргени оң. Жашы жетелек кызды ала качып келгенде аны менен диний каада жүргүзүүлөргө катышпоо, мындай жөрөлгөдөн башкалардын да баш тартуусуна чакырып, түшүндүрүү иштерин өтүүлөрү керек.

Бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттик кызматчы, мугалим, социалдык кызматкер же дарыгер 18 жашка чейинки адамдардын катышуусу менен болгон никелер жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө милдеттүү, жашы жете электерге карата диний каадаларды жүргүзүү кылмыш болуп саналат.