Автокырсыктын кесепетинен жаракат алып, бейтапканада жаткан ырчы Асел Кадырбекованын абалы азырынча өзгөрүүсүз бойдон калууда. Бул тууралуу ырчынын жолдошу Нурлан Насип социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Буга чейин «сен мага аябай крексиң», «суранам, кетпе» деген сөздөрдү камтыган сүрөттөрдү жарыялаган. Асел Кадырбекованын кырсыкка кабылганы маалым болгондон кийин көптөгөн адамдар сарсанаа болушуп, социалдык тармактарда #ЖашаАсел деген хэштег менен ырчыга ден соолук тилеп жатышат.