Домой Коом Жарым жылдын жыйынтыктары. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү натыйжалары кандай?

Жарым жылдын жыйынтыктары. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү натыйжалары кандай?

94

top1

 

11-июлда Улуттук статистика комитети республиканын биринчи жарым жылдыктагы өнүгүү жыйынтыктарын сунуштады.

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу негизги металлдарды өндүрүү 1,5 эсеге, металл кендерин алуу – 4,4 эсе, негизги металлдарды өндүрүү – 1,5 эсе жана нефть продуктуларын өндүрүү 1,4 эсеге өскөн.

Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн өсүшү кайра иштетүү жана жашылча-жемиштерди консервалоонун 1,8 эсеге көбөйүшү, ун өндүрүшүнүн – 30%, сүт азыктарынын – 20% өсүшү менен шартталган. Ошондой эле аялдардын жана эркектердин кийимин чыгаруу өскөн.

 

Тартылган инвестициялардын 80%дан ашыгы кен тармагына бурулган

Биринчи жарым жылдыкта өнөр жай тармагындагы инвестициялар кыскарган. Улуу Британиядан геологиялык чалгындоого, Түркиядан – курулуш ишкерлигине, Канада жана Кытайдан иштетүү өнөр жайына, Россиядан —  каржы тармагына инвестициялар кыскарган.

Тартылган инвестициялардын 80% ашыгы пайдалуу кендерди казып алуу объекттеринин курулушуна, электр энергиясы, газ менен камсыздоо, транспорт ишмердиги, мейманкана жана турак жай багыттарына жумшалган.

Тейлөө кызматтары тармагында чекен жана дүң соода жүгүртүү, унааларды оңдоо орточо 5%га өскөн. Ошондой эле, Нарын облусунан тышкары бардык аймактарда мейманкана ишмердигинин кызматтарынын көлөмү өскөн.

 

Азык-түлүк товарларынын наркы түштү

Июнда тамак-аштын баасы 0,4%га өскөн. Ошону менен бирге баалар азык-түлүккө, алкоголдук жана алкоголсуз ичимдиктерге, тамекиге көтөрүлгөн. Ал эми азык-түлүк товарларынын баасы, тескерисинче, бир аз төмөндөгөн.

Биринчи жарым жылдыкта керектөөчүлүк тармакта инфляциянын деңгээли 2,8%ды түздү. Жыл башынан бери тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз ичимдиктердин баасы 5,2%га жогорулаган. Ошону менен бирге сүт азыктары, жумуртка, акшактар бир аз арзандаган. Картошка, жашылчаларга, этке баа кыйла көтөрүлгөнү белгиленген.

Тамеки өткөн жылдагыдан 14,7%га кымбаттап,  алкоголдук продуктулар, тескерисинче, бир аз арзандаган.

  5mg cialis lilly online.

Экспорт көбөйдү

Республиканын тышкы экономикасында оң динамика байкалууда. 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында экспорттук ташуулар 30%га өскөн. Бул өлкөдө аял-эркек кийимдерин, кургак жемиштерди, кенди, алтын концентратын жана башка баалуу металлдарды өндүрүү жана экспорттоо менен шартталган. Импорттук түшүүлөрдүн көлөмү 10%га жогорулап, 1 млрд 614 млн долларды түздү. Республикага баарынан көп фармацевтикалык продуктуларды, ун кондитердик азыктарды, байланыш аппаратурасын, жасалма кездемелерди алып келишкен. Ошол эле учурда унаа жана тракторлордун бөлүктөрүн, тетиктерин ташуу 7%, жол жана курулуш техникаларын ташуу – 58%, косметика – 47% кыскарган.

ЕАЭБ алкагында өз ара сооданын көлөмү 874 млн долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 11%га өскөн. Экспорттук ташуулар 29%, импорт – 6,3% жогорулаган. ЕАЭБде жогорку соода үлүшү Россия менен Казакстанга туура келет.