Домой Дүйнөдө Жарым жылдык өмүрү калганын уккан жигит 273 килограммга арыктады. Сүрөт

Жарым жылдык өмүрү калганын уккан жигит 273 килограммга арыктады. Сүрөт

97
АКШнын Вирджиния штатынын Бристоль шаарынын тургуну Мэттью Хаузер 273 килограммга арыктады. Бул тууралуу РИА Новостижазып чыкты.

25 жаштагы жигит ашыкча салмак менен жабыркап келген. Анын салмагы 363 килограммга чейин жетчү. Хаузер соңку ирет ооруканага түшкөндө дарыгерлер анын жарым жылдык өмүрү калганын айткан. Ошондон кийин ал саламаттыгына кам көрүүгө киришкен. Натыйжада үч жылдын ичинде 273 килограммга арыктаган.

Ал мындай көрсөткүчкө өлчөп тамак жеп жана күн сайын эки сааттан машыгуунун арты менен жеткенин белгилейт. Хаузер ашыкча салмактан арылуудан сырткары, психологиялык көйгөйлөрдөн да кутулган. Спорт менен дисциплина ага депрессияны жеңүүгө жардам берген.

Булак: Спутник