bactrim over the counter. 25-марттагы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги алдын ала кылдаттык менен даярдалып, атайын сценарий түзүлгөнү белгилүү болуп калды. М.Горькийдин эстелигинин астынан УКМКнын имаратына чейин жөө барган митингчилер агрессивдүү мүнөздө катуу айкырык салганына баары күбө болду. Милицияга таш ыргытып, имаратка басып кирүүгө аракет кылгандардын максаты кандай эле? Биз бул боюнча эки божомолду келтирели.
Биричиден, аталган УКМКнын имаратын милиция жана куралдуу орган кызматкерлери кайтарууга алат. Имараттын жер төлөсүндөгү тергөө абагында терроризмге, оор кылмыштарга айыпталган кылмышка шектүүлөр отурат. Митингчилердин максаты – ошол адамдарды бошотуу менен курал-жарактарга ээ болуу болгон. Андан соң башка административдик имараттарга чабуул коюп, аягында Ак үйдү басып алмак. Ошентип, революция жолу менен бийликке келдик деп отуруп калмак. Эгер алардын бул аракети ишке ашканда Кыргызстанда даана баш-аламандык жаралмак. Бирок, Садыр Жапаров жалпы эл колдой турган лидер эмес жана көпчүлүк ага ишеним артпайт. Экинчиден, митингге катышкан адамдардын айрымдарын курмандыкка чалууга аракет кылмак. Куралдуу күч органдарына күч колдонуп, аягында айрым тарапташтарын өздөрү атмак. Аны болсо бүтүндөй маалымат каражаттарына жайылтып “А.Атамбаев К.Бакиевден ашып кетти” деп чагымчылдык жасамак. Окуя мына ушул нукта өнүккөндө жалган маалымат менен элдин кыжыры келип, көчөгө агылып, баш-аламандык ошондо башталмак.Чамасы, алар Кыргызстанда Аксы окуясынын 2-сценарийин жүзөгө ашырууну мерчемдешкендей. Бактыга жараша, жогоруда айткандай, тийиштүү органдар мыйзам чегинде чара колдонуп, кырдаалды туруктуу сактап калышты.
Кыскарта чапканда, С.Жапаровдун митингин милиция таратып, алардын чагымчыл аракеттирин алдын алган. Биз бул үчүн укук коргоо органдарына рахмат гана айтышыбыз керек. Эгер алардын чыныгы максаттары ишке ашканда Кудай бетин ары кылсын, Сирия же Жакынкы Чыгыштагы сценарий ишке ашып кетмек. Ар бирибиз мекенибиздин келечегин ойлоп, мамлекеттин эртеңки күнү үчүн мындай чагымчылыкка жол бербешибиз керек. Саясатчылар келет, кетет. Алар бири-бири менен тытышып, бийликке жетүү үчүн элди курал катары гана колдонот. Кокус от тутанып кете турган болсо баягы эле карапайым эл жабыр таратат. Андыктан ар бирибиз ойлонуп иш кылалы.