Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны актап, түрмөдөн бошотууну талап кылып кол чогултуп жатышат. Саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, учурда Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөдөгү кыргызстандыктардан баш-аягы 10 миңге жакын кол топтолду.
— Республиканын бардык аймактарынан карапайым адамдар телефон чалып «Садыр Жапаров эмне үчүн эркиндикке чыгарылбай жатат?» деп тынчсызданышууда. Алар «митингге чыгабыз» дегенинен аны токтотуп койсок кол чогулта башташты, — деди Токтосунов. Ал мындан тышкары жер-жерлерде Жапаровду колдоп, штабдар түзүлүп жатканын кошумчалады.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.
Булак: Азаттык