25-мартта Кыргызстанга “журтуул” жасап, күн мурунттан митинг паландап келген Садыр Жапаров заматта элди түйшүккө салып, миңдеген адамдардын тынчын алды. Көрсө ал тымызын башаламандыкты пландап, атайын сценарий менен келе жаткан экен.
УКМК алдындагы С. Жапаровду коргоп чыккан митингчилердин агрессиялуу болгонун, милиция кызматкерлерине кол салышканын жалпыбыз көрдүк. Текебаевдин жактоочулары, өздөрүн оппозиция эсептеп бийликке таарынгандар “бийлик митингге чыккандарды ур-токмокко алды” деп кырдаалды курчутууга аракет кылып жатат. Эгерде митингчилер тынч эле митинг өткөрүшкөндө аларга милиция кызматкерлери да эч кандай күч колдонбойт болчу. Ошол эле Текебаевдин жактоочулары деле УКМК астында акцияга чогулуп, тынч эле тарап кеткен. Эгер милицияда андай оюу болгондо “Ата Мекендин” өкүлдөрүн деле чилдей таратып, койдой сабамак.
india pharmacy oxycodone. Митингчилердин аракети мыйзамсыз болгонун бир катар коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, депутаттар маалымат булактары аркылуу билдиришүүдө. Маселен, саясат таануучу Т. Какчекеев “УКМК имаратынын алдындагы митингчилер өздөрүн агрессивдүү алып жүрүштү, алардын аракети башаламандыкка өсүп кетиши мүмкүн болчу. Андыктан аларды таркатуу милиционерлердин милдети болчу. Милиция биздин парламент кабыл алган мыйзамга ылайык аракет кылат жана алар мыйзамдуу аракет кылышты. Же алардын колуна желекти карматып, талакалагыла, башаламандык уюштургула, Камактагы Жапаровду УКМК бошот жана андан ары бийлик структураларын штурмга алууга жөнөгүлө» деши керек беле”, — дейт ал.
Андай кылууга болбойт болчу. Биз өз мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн, бүтүндүгү үчүн бардык иш-аракетти мыйзам алкагында жасашыбыз керек. С. Жапаровго карата козголгон кылмыш иши бар. Ал өзүнүн ак экенин сот алдында гана аныктай алат.
Эң кызыгы мына ушул митингчилердин арасында 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Жалал-Абаддагы кичи мекенине качкан канкор Курманбек Бакиевдин жан сакчысы болуп жүргөн Ысманов аттуу жарандын да жүргөнү болду. Муну тастыктаган видео да, сүрөт да бар. Ал соцтармактарда тарап, элдин кыжырын кайнатты. Маалыматтарга караганда атлаган Ысманов деген жаран 27-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ишенимдүү маалыматтарга караганда Ысманов бүгүнкү күнгө чейин Бакиевдер менен тыгыз байланышта болуп, алардын бизнес кызыкчылыктары менен иштеп келген. Эми мынтип С.Жапаровду Бакиевдин адамдары колдоп чыкканы да ачыкка чыкты.
“Ата Мекен” партиясынын жаш мүчөлөрүнүн WhatsApp кызматында “Жаш социалисттер” деген группасы бар. Дал ошол 25-март күнү аталган кызмат аркылуу бардык мүчөлөрүн штабга чакырып, аларды Садырдын митингине алып барды. Муну ушул эле митингчилердин арасында Асия Сасыкбаеванын жүргөнү тастыктап турат. Демек, буга чейин айтылып келген Кипрдеги К. Бакиев менен Ө. Текебаевдин жолугушуусун атьалган фактылар ырастап жатат.
Буга чейин Ө.Текебаев Кипрде К.Бакиев менен жолукканын түркиялык “Hedef Halk” басылмасы жазып чыккан эле. Аталган басылма “Кыргызстандын оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен Кипрде жолугушту” аталыштагы куш тилиндей кабарда жолугушунун чындыгында болгонун бекемдеген. “Кыргызстандын оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен Кипрде жолугушту. Текебаевдин Бакиев менен жолугуу максаты өлкөдө ич ара тартип бузууларды жаратуу менен сентябрь айына пландалып жаткан президенттик шайлоого тоскоолдуктарды пайда кылуу экендиги белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге тынымсыз карама-каршы иштерин жүргүзгөн Текебаев жолугушуу учурунда Бакиевден жогоруда белгиленген максаты алкагында каржылык колдоо сурады”, — деп жазган “Hedef Halk” басылмасы.
Демек, дал ушул 25-марттагы митингде Бакиев-Текебаев-Жапаров бириккени тастыкталды. Болбосо WhatsApp кызматындагы “Жаш социалисттер” шашылыш чогулуп, митингге барып, А.Сасыкбаева өзү баш болуп аралашсын. Ошол эле убакта Минскиде жаткан К. Бакиев да «Азаттыктын» Белорусь кызматы аркылуу Текебаевди коргоп сүйлөдү. Мына ушул көрүнүштөрдүн бардыгын анализдеп көргөндө К. Бакиев С. Жапаровду Кыргызстанга атайылап башаламандык салдыруу үчүн жөнөнкөнү маалым болуп отурат. Ошондо булардын алгачкы максаты УКМК имаратын басып алып Текебаевди сууруп чыгуу болгонбу?