Домой Саясат Жапаровдун тарапкерлери митингде чагымчыл аракеттер болгонун айтышты

Жапаровдун тарапкерлери митингде чагымчыл аракеттер болгонун айтышты

38

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинин жүрүшүндө түшүнбөстүк келип чыкты. Акцияга чогулгандардын арасында жыныстык азчылыктарга байланыштуу плакатты кармаган адамдарды чогулгандар күч менен чыгарышты. Жапаровдун тарапкерлери муну чагымчыл аракет катары баалап, күч кызматкерлери тиешелүү чара көрбөй жатканына нааразы болушту.

Учурда акция расмий түрдө баштала элек. Бирок уюштуруучулар «Садыр Жапаровго боштондук!» деген ураандарды чакырып жатышат.

Митингди чагылдырып жүргөн «Азаттыктын» кабарчыларынын айтымында, эл чогулган жерде милиция кызматкерлери көрүнбөйт.

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 2-мартта нааразылык акциясын өткөрүп, анда саясатчыны эркиндикке чыгарууну талап кылышарын билдиришкен.

Буга чейин Ички иштер министрлиги митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскерткен.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

Тарапкерлери аны үй камагына чыгарууну сурап бийликке кайрылышкан. Башкы прокуратура Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгын февралдын башында билдирген. Проуратуранын маалыматына караганда «Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык соттолгон Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт». Маалыматка караганда Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктайт.

2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен.