Домой Саясат Жапаровдун Египетке болгон иш сапарынын соңунда түзүлгөн жана кол коюлган документтердин тизмеси

Жапаровдун Египетке болгон иш сапарынын соңунда түзүлгөн жана кол коюлган документтердин тизмеси

18

Маалымат кызматынын билдиришинче, президент Садыр Жапаровдун Египеттеги расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Төмөндө кол коюлган келишимдердин толук тизмеси келтирилди:

  • Кыргызстандын министрлер кабинети менен Египет өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттун ээлерине визалык талаптарды өз ара алып салуу боюнча макулдашуу;

  • Министрлер кабинети менен Египет өкмөтүнүн ортосунда экономикалык, илимий жана техникалык багыттарда кызматташуу тууралуу макулдашуу;

  • Айыл чарба тармагында эки тараптуу аракеттерди кеңейтүү боюнча макулдашуу;

  • Жогорку билим берүү жаатындагы кызматташуу тууралуу келишим;

  • КР Энергетика министрлиги менен Египеттин Электроэнергия жана кайра жаралуучу энергия булактары министрлигинин ортосунда электр энергетикасы жана «жашыл» энергия багытында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

  • Президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Египеттин Инвестициялар жана эркин экономикалык зоналар боюнча башкы башкармалыгы ортосунда кызматташуу тууралуу меморандум;

  • Президенттин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен Египеттин Вакф министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;

  • Улуттук банк жана Египеттин Борбордук банкынын ортосундагы кызматташууга багытталган меморандум.