Домой Саясат Жапаров өзүнүн да өлкө казынасын тоногонун да карта чийип, айтып берсин-Видео

Жапаров өзүнүн да өлкө казынасын тоногонун да карта чийип, айтып берсин-Видео

40
Кыргыздар бузулуп жатат деп көп жазчу болдүк. Жок, жалпы кыргыз бузулган жок, кээ бир кыргыздар киши карагыс болуп бузулуп жатат. Кайсы бир «немелер» кайсы бир чоӊду кызматта турганда ойда мактап, таманына төшөлүп, дагы башкасын кылып «кошомат» деген мааниден алда-канча ашып турушат. Бул айтканыбыздын «классикалык мисалы» Акылбек Жапаров деген неменин кылыгы сонун мисал болуп берет… Бу Жапаров деген неме Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда алды-артына карабай аны мактап, колунан келишинче жактап турчу да. Атамбаев кетти, андан соӊ камалды… Баягы анын таманын жаламакка «ынтызар» Жапаров эми «тесекери сийип», сийгенде да өзүнүн бетине жаба сийип, Атамбаевди болушунча жамандап турганы. Карта түзүп алыптыр, «Атамбаев Кыргызстанды бүтүндөй жегенин, байыганын» какшап жатат?! Жок, бул немеге көп сөз айта албайбыз, анын абийири жок экенин гана белгилеп коелу. Негизи өзүнүн коррупциялык ишин элге ошондой карта түзүп алып ачык айтып берсе куп жарашмак.