Домой Коом Жапаров канкор Бакиевдердин буюртмасы менен “чоң казатка” аттандыбы?

Жапаров канкор Бакиевдердин буюртмасы менен “чоң казатка” аттандыбы?

47

Садыр Жапаров

Башкы “ата мекенчи” Өмүрбек Текебаев орус ишкеринен 1 млн. доллар пара алган деген шектин негизинде камакка алынганы канкор Бакиевдердин дүбүртү күчөдү. Айрым маалымат каражаттары жазгандай, Өмүрбек Текебаевдин Бакиевдер менен жолугушуусун уюштуруп жүргөн Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстанга кайтаарын жар салды. Өтө ишенимдүү айтты, Текебаевге жан тарткандай түр жаратты. Ошол эле учурда канкор Курманбек Бакиев “Азаттыктын” беларус кызматы аркылуу дээрлик бир саатка созулган актанмай интервьюсун ободон жаңыртып, абактагы Өмүкеге боор толгогон, аны тымызын мактаган пикирин ортого салды.

Мунун баары жөн гана дал келүүчүлүк дейсизби? Жо-о-ок. Биздин эмес, Түркиядагы абройлуу басылмалар Курманбек Бакиев менен Өмүрбек Текебаевдин жолугушуусунда жазындагы саясый акцияларга финансылык колдоо көрсөтүү маселеси талкууланганын жазышкан эле. “Кыргызстандын оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен Кипрде жолугушту. Текебаевдин Бакиев менен жолугуу максаты өлкөдө ич ара тартип бузууларды жаратуу менен сентябрь айына пландалып жаткан президенттик шайлоого тоскоолдуктарды пайда кылуу экендиги белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге тынымсыз карама-каршы иштерин жүргүзгөн Текебаев жолугушуу учурунда Бакиевден жогоруда белгиленген максаты алкагында каржылык колдоо сурады”, — деп жазган эле түркиялык “Hedef Halk” гезити.

Өмүрбек Чиркешовичтин камакка алынышы менен Бакиевдердин планы ойрондолбогондой. Алар “запасной вариант” катары Садыр Нургожоевичти пайдаланууну мерчемдешкендей. Мындан улам, Садыр мырза Россиядагы мекендештерибиз менен жолугушууларды өткөрүп бүтүп, кошуна Казакстандын Шымкентинде “жоортуулун” улантканын ырастаган тасма тарады. Тасмада С.Жапаров 25-мартта Бишкекке келип, бийликке кантип кысым көрсөтүү керектигин талкуулап атканы көрүнүп турат. Кызык, эмне үчүн Казакстанды тандады болду экен? Ушул жерден кайрадан К.Бакиевдин “Азаттыктагы” маеги эске түшөт. Ал маегинде айрым үкалары Казакстанда баш калкалап жүргөнүн билдирген эле. Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, ушу тапта Адылбек Бакиев үй-бүлөсү менен Казакстандын Алмата шаарында жашайт. Ошол эле шаарда кадимки Жаныш Бакиевдин байбичеси уулу менен жашаарын эске алганда, шамал кайсы тараптан согуп атканын божомолдош иттен оңой. Жаныш, Акмат, Марат Бакиевдер “ат тезегин кургатпай” Казакстанга каттап, той өткөрүп турарын да тар чөйрөдөгүлөр айтып жүрүшөт. Ал эми кадимки Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин Казакстанга журт которуп, учурда Казакстандан Дубайга байма-бай каттап, бизнесин гүлдөтүп атканы өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Канкор Бакиевдер Казакстанды экинчи мекенине айлантып алганын казак башы Нурсултан Назарбаев сопсонун билсе керек. Атүгүл, Садыр Жапаровдун Шымкентте туруп алып Кыргызстанда баш-аламандык салуу планын түзүп атканынан кабардар эмес дейсиңерби? Ишениш кыйын, балким, Нуракенин Кыргызстанга кырын салып, баурдастыгын көрсөтпөй атканынын башкы себеби ушул болуп жүрбөсүн, ыя? Бул эми башка маселе, темабызга кайтып келели.

Садыр мырзанын Кыргызстанга кайтып келээрине саналуу күндөр калды. Эгер анын келиши менен массалык баш-аламандык орун алса, аны Бакиевдердин буюртмасы деп түшүнө беребизби? Муну тийиштүү органдар билээр бекен? Билсе баардыгын алдын алып, өлкө тынчтыгын бузууну каалагандардын бетин ачып, мыйзам чегинде жазага тартса дейбиз. Элибизге азыр тынчтык гана керек, ал эми стабилдүүлүккө доо кетирүүнү көздөгөн күчтөрдү жамы журт колдобошу аштан бышык. Ал эми жеке кызыкчылыгы үчүн апрель революциясынын баалуулугун тебелеп-тепсеп, өз элине ок аткан, кырчындай жигиттерди кырган канкор Курманбек Бакиев менен Кипрде жолугушуп, алардын сценарийи менен мамлекетибиздин чанын асманга сапырууну көздөгөн Өмүрбек Текебаев элдин бетин кантип караар экен? Же өмүр бою калпты ышкыртып, жеке кызыкчылыгы үчүн Кыргызстаныбызды да сатып жиберүүдөн кайра тартпай калган башкы “ата мекенчиге” баары бирби?

viagra per donne in gocce.