Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров койгон буйруктарга ылайык, бир катар кадрдык алмашуулар болду. Бул тууралуу өкмөттүн сайты 13-ноябрда жазды.
Анда айтылгандай, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Замирбек Молдокулов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Алтынбек Болбур уулу дайындалды. Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Курманбек Кудайбергенов иштен алынып, ордуна Алтынбек Сеңирбаев коюлду.
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин директорлугуна Талантбек Эгембердиев, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директорлугуна Тимурлан Кысанов дайындалды