Бакиевдер дегенде эле, “Кокон хандыгын” кайра “тирилтип” элдин ырыскысына “ беш колун салып” өлкөнү тезек терген акыбалга алып келген канкорлор көз алдыңа тартыла түшөт. Булар 5 жыл бийликте туруп, кыргыздын “ бычакка сап жигиттерин” бирден жайлап атадан балага мурас катары өтүүчү бийликти түптөгөнү калган эле. Апрель ынкылабы ийгиликтүү ишке ашпаганда, Бакиевдер азыр “ өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илип отурмак”. Бирок, канкорлор бийлигин жөн эле таштай качпастан 90 жигиттин өмүрүн кыйганы зээниңди кейитет. Качкын Бакиевдерди Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко ушул күнгө чейин “канатууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” коргоп келгени жеткен наадандык экени айтпаса да түшүнүктүү. Эми ошол канкорлор элден кечирим сурагандын ордуна 16- март күнүн Жаныш Бакиевдин 60 жылдык мааракесин Минск шаарында белгилеп чоң той беришкенин, айрым ММКлар жазып чыгышты. 60 жылдык мааракеге, канкор Бакиевдердин алтоосу тең түгөл чогулуп, мындан тышкары Жаныш Бакиевдин Россия, Казакстан, Ингушетиядан бери курсташтары келип кадырлуу конок болушкан экен. Өзгөчө кадырлуу коноктордун катарын толуктаган Бакиевдердин “адвокаты” Аскат Тейит деген неме, “жинди сууга тоюп алып” чучукка тайгаланып “ жыгылды” деген да кептер жүрүүдө. Ушул кудай урган, элдин каргышына калган канкорлордо го адамдык сапат деген такыр жок экени белгилүү. Анан эми кадырлуу конок болуп баргандардын “ бети кызарбай” Бакиевдердин “ элдин жонунан кайыш тилип” уурдап кеткен байлыгына кошо тайраңдашканы акылга сыйбайт. Чучукка тайгаланбай эле, этке какалып о дүйнөгө кетсеңер сооп болмок экен, адал арамды билбеген Кемчонтойлор десе !