Домой Аналитика Жаныбек Абиров: «Эмгек» партиясы Бишкекти өнүктүрөт

Жаныбек Абиров: «Эмгек» партиясы Бишкекти өнүктүрөт

73

Бишкек шаардык кеңешин Жаныбек Абиров 2018-жылы күз айларынан тарта жетектей баштаган. Ошол кезде ал 29 жашта болчу. Жаштыгына карабастан, кыска мөөнөттүн аралыгында өзүн демилгелүү жана принципиалдуу лидер катары көрсөтө алды. Абиров Бишкек шаардык кеңештин төрагасы катары көптөгөн көйгөйлөрүн жаап-жашырбай ачык айтып турду. Ал депутаттардын башын бириктирүүгө жетише алды, алар талаш-тартыштардан жана интригалардан алыс болуп, конкреттүү маселелерди чечүүгө өтүштү. Учурда Жаныбек Абиров шаардык кеңешке «Эмгек» партиясынан ат салышууда.

— Шаардык кеңешти жетектеп баштагандан кийин, эң алгач айлыктан баш тарттыңыз. Кийин оюңузду өзгөрттүңүзбү?

— Жок. Ошол бойдон эле акы албай иштедим. Мен дагы да ушул нукта ишимди улантууга даярмын.

— Жаш жигитке олуттуу структураны жетектөө оор эмеспи?

— Борбор калаанын жыргалчылыгы үчүн иштөөгө каалоом чоң. Депутаттардын жана шаардыктардын колдоосу мага дем-күч берет. Бул чоң тажрыйба.

— Сиздин жетекчилигиңиз менен кандай иштер жасалды?

— Шаардык кенеш жерди ижарага берүүгө мораторий киргизди. Мындай жол менен биз жер тилкелерин берүү системасындагы коррупцияны жоюууга жетиштик.
Шаарда сейил бактардын жана веложолдор көбөйдү, бир нече чакырым тротуар оңдолду, жаңы мектептер жана бала бакчалар курулууда. Кичи райондордо чакан скверлер ачылып жатат. Бул биз жетишкен жаңылыктардын бири. Бардык жашоочулар үйлөрүнөн алыс эмес жерде эс алууга мүмкүнчүлүк алышын каалайбыз.

“Жал” кичи районунда “Коопсуз короо” жана “Коопсуз район” пилоттук долбоорунун алкагында 52 видео камера орнотулду. Бул кылмыштуулуктун алдын алуу максатындв коюлган. «Эмгек» партиясынын программасында калаа боюнча 5 миң камера орнотуу планыбыз бар.

— “Эмгек” партиясы сизди эмнеси менен кызыктырды?

— Репутациясынын тазалыгы жана партиянын төрагасы менен шаардын мындан ары кандайча өнүгө тургандыгы жөнүндө көз караштарыбыздын дал келиши ушул партия менен шайлоого аттанууга түрткү болду.

— “Эмгек” — прогрессивдүү партия. Бул жерге бирдей көз караштагы адамдар чогулган. Арабызда учурда депутат болуп турганда өз аймактарында бишкектиктердин бир топ маселесин чече алгандары да бар. Алар мындан ары даны өз аймактарындагы шайлоочулардын кызыкчылыктарын шаардык кеңеште коргоого даяр. “Эмгек” партиясынын катарында өз тармагында ийгиликке жеткен жана элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө даяр тажрыйбалуу жетекчилер бар. Ошондой эле партиянын катарында жаштар дагы жок эмес. Баарынын амбициялары күчтүү, жаңы идеяларга бай. Бирдиктүү аракеттер менен ийгиликтерди багындырабыз.

— Ишиңиздерде эмнеге басым жасайсыздар?

— Калктуу конуштарды өнүктүрүү башкы максатыбыз. Конуштар шаарыбыздын толук кандуу бир бөлүгү. Бүгүнкү күндө конуштарда инфраструктура өнүккөн эмес, парктар жана скверлер жок, мектептер, бала бакчалар жана фельдшер-акушердик пунктарды ачуу зарыл, ушунун баарын ишке ашыруу керек. Мындан тышкары калааны көрктөндүрүү жана түтүнгө каршы күрөшүү менен алектенүү керек.

— Ушул пландарды ишке ашырууга шаардык бюджеттин каражаты жетеби?

— Биз чыгымдарды оптималдаштырабыз, киреше алып келүүчү органдардын ишине (Муниципалдык менчикти башкаруу жана жер ресурстарын башкаруу) көзөмөл кылабыз, чакан жана орто бизнеске шарт түзөбүз. Мамлекеттик-жеке жана муниципалдык-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартабыз. Бул шаарга киреше алып келип, жакынкы 4 жылда программабыздын бардык пункттарын ишке ашырууга жардам берет.

Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген “Эмгек” партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебиз.

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.