Домой Пайдалуу кеңеш Жаңы ыкма менен даярдалган силос тоюуту дыйкандарга 5-6 эсе көп киреше алып...

Жаңы ыкма менен даярдалган силос тоюуту дыйкандарга 5-6 эсе көп киреше алып келет

354

Япониялык окумуштуулардын силос жасоо ыкмаларын үйрөнүп келген Кыргызстандык ишкерлер Чүй өрөөнүндө дыйкан, фермерлерди чогултуп анын кандай артыкчылыктары бар экенин көрсөтүп берди.

“Жыргыл-Сүт” айыл чарба эксперементалдык комерциялык кооперативинин төрөгасы Нурбек Жыргалбаев тоют даярдоо боюнча Япониянын “JICA” уюуму аркылуу барып, атайын үйрөнүп келген тажырыйбасына таянып бир нече жылдардан бери Республиканын фермер, дыйкандары менен бөлүшүп келет.

Нурбек мырзанын айтымында, тоют даярдоодо өтө деле көп каражат керектелбейт.“Жаңы ыкма менен даярдалган чыктуу тоютда эч кандай зыяндуулук жок, тескерисинче малга пайдалуу органикалык бактерия пайда болот. Мал бат семирип, эти сапаты жагынан жакшы болуп жатат. Уйдун сүтү коюу болуп, майлуулугу да жакшырат. Тоют ачытылып жасалгандыктан, биринчи ач карын 1,5-2 кг чейин кургак чөп берилиши керек, андан кийин бодо малга суткасына 20, койго 7-8 кг чейин силос берилиши керек дейт.”, — дейт Нурбек Жыргалбаев.

Катышуучуларга тоюттун кантип даярдалышын атайын техникалар менен көрсөтүлдү. Ал эми заманбап техника менен камсыздоо жагынан япониялык “JICA” эл аралык агенттиги колдоо көрсөткөн.

Кургакчылык болуп тоют жетишсиз болуп турганда, мындай ыкма менен үштөө фермер, дыйкандар үчүн жакшы өбөлгө болгонун айтышат ишкерлер. “Азыркы кезде чөптүн баасы да жогорулагандыктан чыгым көп болуп жатат. Бул силос базар баасынан 3-4 эсе арзан түшөт. Ушундай киреше алып келе турган тажрыйбаларды бөлүшүү дыйкандарга абдан керек.”,- деп кошумчалады ишкер.

Фермер Урмат Акунов да бул ыкама менен акыркы үч жылдан бери иштеп келет, анын айтымында Нарын жергесинде силос жасоо ыкмасына өткөндөрдүн саны жыл санап көбөйүүдө. “Бүгүнкү күндө беш ферма жаңы тоют жасоо ыкмасына өттүк. Бул тоюттун эң жакшы жери, аз тоют менен малды этинен түшүрбөй кармап жана уйдун сүт берүүсү да жакшырат.”,- деп айтты фермер.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда Ысык-Ата районундагы Красная-Речка айылында “Кыргызстан сүт палатасынын” демилгеси менен атайын семинар болуп өттү. Быйыл экинчи жолу өтүп жаткан бул иш-чарага облус, район жетекчилери, ишкерлер, дыйкандар, фермерлер чакырылган.